Автор: Пользователь скрыл имя, 17 Апреля 2013 в 14:35, реферат
Акыркы убактарда мектептик билим берүүгө интеграциялык сабак, куррикулум түшүнүктөрү батыл аралашып баштады. Аларды кээси түшүнүп кабылдаса, көпчүлүгү ички маңызын аңдап билбей эле ураалап жүрүшөт. Эл аралык билим берүү практикасында «куррикулумду» (curriculum) билим берүүнүн конкреттүү мезгилине ылайыкталган технологиялык окуу планынын билим берүү программалары же окуу программаларынын технологиялык баяндалышы түзөт.
Жыйынтыктоо
Маданият чөйрөсүнө бир
жылда түшө турган сумманы аныкташ
үчүн 10 миллион сомду 12 айга көбөйтүп
120 миллион сомго ээ болуп жатабыз.
Мындан да тагыраак жана конкреттүүрөөк
экономикалык эсепти жүргүзүү үчүн өлкөнүн
мамлекеттик жана жеке менчик тармагындагы
кишинин иштеген санынын, эмгек
акыларын аныктоо үчүн кинотеатрлардын
жана музейлердин жумушчуларынын жана
тейлөө персоналынын так санын статистика
аркылуу аныктоо керек болот.
Ошондой эле кинотеатрлар жана музейлердин
шаймашай абалында сакталышы үчүн,
алардын толук кандуу иштеши үчүн
ремонттоо жана керектүү материалдар
менен камсыз кылуу үчүн так статистикалык
маалыматтар керек болот. Эгерде
кинотеатрларга катышкан кардарлардын
төлөө эсебинен эле каражат жетишпесе,
анда мамлекет, албетте, маданият тармагына
жыл сайын кошумча бюджет жүктөп турат.
Бирок жарандардын кинотеатрларга жана
музейлерге катышуусунун акы төлөө саясаты
ажайып жагымдуу, ыңгайлуу болушу үчүн,
адамдардын кинотетарларга жана музейлерге
баруусу ыктыярдуу болушу үчүн билеттин
баасы принципиалдуу түрдө төмөн болушу
зарыл. Аны үчүн сунуштала турган нерсе,
билеттин баасы дайыма коомдук транспортто
жүргөндөй болуп калышы керек.
Көркөм адабиятты окуган жана кинотеатрларга
катышкан муундан келип чыккан пайдалуу
глобалдык натыйжалар:
Биздин көз карашыбызча күтүлгөн натыйжалар
абдан прогрессивдүү. Мисалы, республиканын
бардык китепканалары жана кинотеатрлары
жандуу иштеп калат. Маданият ишмерлеринин
үзгүлтүксүз жумушу жана туруктуу кирешеси
пайда болот. Китеп чыгаруу жана китеп
соода кылуу тармагы өнүгөт. Акын жазуучулардын
китеп продукциясы талап кылына баштайт.