Тарбиялоонун заманбап концепциясы, анын социалдык маданиятынын негиздери, илимий методикалык негизи жана практикада колдонулушу

Автор: Пользователь скрыл имя, 17 Апреля 2013 в 14:35, реферат

Описание работы

Акыркы убактарда мектептик билим берүүгө интеграциялык сабак, куррикулум түшүнүктөрү батыл аралашып баштады. Аларды кээси түшүнүп кабылдаса, көпчүлүгү ички маңызын аңдап билбей эле ураалап жүрүшөт. Эл аралык билим берүү практикасында «куррикулумду» (curriculum) билим берүүнүн конкреттүү мезгилине ылайыкталган технологиялык окуу планынын билим берүү программалары же окуу программаларынын технологиялык баяндалышы түзөт.

Работа содержит 1 файл

Акыркы убактарда мектептик билим берүүгө интеграциялык сабак.docx

— 62.62 Кб (Скачать)

    Киришуу

Акыркы убактарда мектептик  билим берүүгө интеграциялык  сабак, куррикулум түшүнүктөрү батыл  аралашып баштады. Аларды кээси түшүнүп  кабылдаса, көпчүлүгү ички маңызын  аңдап билбей эле ураалап жүрүшөт. Эл аралык билим берүү практикасында  «куррикулумду» (curriculum) билим берүүнүн конкреттүү мезгилине ылайыкталган технологиялык окуу планынын билим  берүү программалары же окуу программаларынын технологиялык баяндалышы түзөт.

    Куррикулум өзөк  катары окуу планын, окуу программасын  жана аларды жүргүзүүгө ылайыкталган  сунуштарды өз ичине камтыйт.  Ал эми куррикулумдан улам  келип чыгуучу окутуунун интеграциясы  – бул биригүү, кошулуу, предметтердин  өз ара жуурулушуусу. Бул өзгөчөлүктү  эске албай, аны предмет аралык  байланыш катары кабылдагандар  да кездеше калып жүрөт. Түшүнүп-түшүнбөй  жатып эле бир канча предметтерди (мисалы: кыргыз адабиятын, тарыхты,  географияны, биологияны, коом таанууну, сүрөт өнөрүн, музыканы ж. б.) жана  аларды окуткан мугалимдерди  бириктирген шоу-сабактарды өтүп, көрүнүүгө умтулгандар да четтен  чыгууда.

Чет элдик кеңешчилер, эксперттер тарабынан таңууланып, ишке киргизилүү алдында турган жалпы орто билим  берүүнүн улуттук куррикулумуна  ылайык, мектепте окутулчу предметтер төмөндөгүдөй тарамдарга топтоштурулат: 1) тилдик, 2) социалдык, 3) математикалык, 4) искусство, 5) ден-соолук маданияты, 6) технологиялык, 7) табигый илимий.

Ушунда бизди кызыктырган  кыргыз адабияты предмети буга чейин  киндиктеш окутулуп келген тил сабагынан  такыр алыстап, искусство тарамына киргизиле турган сыяктуу. Андагыга ылайык, искусство тарамы төмөндөгү  предметтерди өзүнө камтыйт: адабият, музыка, көркөм сүрөт өнөрү, дүйнөлүк жана ата мекендик көркөм маданият.

Тарбиялоонун  заманбап концепциясы, анын социалдык  маданиятынын негиздери, илимий методикалык  негизи жана практикада колдонулушу.

Чет элдик эксперттердин  көз карашында мектепте окулчу предметтер, андан да аларга бөлүнгөн сааттар  өтө эле ашыкча имиш. Андыктан аларды маанилик топторго бириктирүүнүн эсебинен жалпы предметтик сааттардын көлөмүн  кескин азайтуу милдетин коюп отурушат. Билим берүүнүн реформаланышын каржылап жатышпайбы деп эксперттердин эркине койсок, беш-он жыл ичинде эле байыркыдан бери келаткан руханий байлыктарыбыздан, маданиятыбыздан, дегеле буга чейин  жетишкен илим-билимибизден кол жууп калчудайбыз. Мунун акыры барып-келип  эле кыргыз элинин жакынкы он жылдыктар  ичинде эгемендүүлүгүнөн ажырап, өз алдынчалуу улут эсебинен чийилип калуу коркунучуна  алпарып такайт. Ооба, эгемендүүлүгүнөн, неге дегенде четтен басып кирген күчтүү, каардуу душман кайсы бир  эркиндикти, эрдикти сүйгөн чакан  элди, мисалы, кыргыз элин баш ийдирип, калк эсебинен жойгусу келсе, ага  каршы түмөндөгөн аскер жөнөтүүнүн кереги жок, болгону аны тарыхый  эс-тутумунан, нечен кылымдап топтолгон  бай руханий казынасынан ажыратуу гана керек. Антпесе Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, андан берки Эр Табылды, Курманбек, Тайлак баатырлары, бүгүнкү 7-апрелде шейит кеткен каарман  уулдары менен шыктанган кыргыз эли сыяктанган майда этностор түтөгөн  сайын түтөп, «улуу» калктар менен  теңтайлашкысы, ааламдашуу теориясына ылайык акыры жоголчу тилин, дилин, салт-санаасын жанталашып коргогусу, сактап калгысы эле келе берет. Бекеринен  элибизде «жети атасын билбеген –  кул» деп айтылбайт, мында өтө  терең маани жатат. Предметтердин  жумалык окутулуш саатынын санын  кыскартып, интеграциялап окутууну киргизүүгө умтулуу менен, чет элдик  «кеңешчилер» элибизди тарыхый эс-тутуму жок, системалуу билимден куржалак калган караңгы, намыссыз маңкуртка айландыргысы келип жатышат.

Ааламдаштыруунун, андан  келип чыгуучу куррикулумдун  – мектептеги окуу предметтерин интеграциялап  өздөштүрүүнү киргизүүнүн түпкү  сасык максаты мына ушундай.

Ааламдаштыруу демекчи, ал чоң  элдердин, дүйнөлүк улуу тилдердин  кызыкчылыгында өнүгүүчү процесс эсебинде экенин дагы да тактай кетмекчибиз. Андагыга ылайык, каалайбызбы же жокпу, качандыр, а балким беш жүз жылдан кийин  кыргыз элине окшогон майда этностордун  тили, дили, салт-санаасы акырындык  менен жоюлуп, унутта калып, баарын чоң калктардын тили, дили, жөрөлгөлөрү  басып кетмекчи. Бирок да, качандыр баары бир жоюлат экенбиз деп  эмне үчүн ага бүгүн моюн сунуп, анын келишин өзүбүз тездетишибиз керек. Эгер катуу туруп, руханий байлыгыбызды, тилибизди, дилибизди сактап калуу  үчүн туруктуулук, биримдүүлүк менен  күрөшө алсак, беш жүз, ал гана эмес миң жылдан кийин да жоюлбайбыз. Мына ошон үчүн мектептердеги ар бир  предметтин, кыргыз тили жана адабияты предметтеринин мугалимдери, илимий-педагогикалык  коомчулугубуз чет элдик кеңешчилердин  бардык айтканына макул боло бербей, мектептеги ар бир окуу предметин, анын ичинде кылымдардан берки руханий  кенчибиздин өзөгү болуп калган кыргыз адабияты предметин – көркөм сөз өнөрүбүздү өзүнчө окуу предмети катары сактап калуу үчүн жан аябай  күрөшкөндөрү жөн. Бул жагдайда 2008- жылдын аяк ченинде Чолпон-Ата  шаарында куррикулумга арналып өткөрүлгөн семинарда, ошондой эле 2010-жылы Бишкек шаардык август кеңешмесинде катышып  отурган практик кыргыз тили жана адабияты мугалимдерибиздин карманган  позициясы – кыргыз тилин, адабиятын  өзүнчө предмет катары сактап калуу  үчүн катуу турушкандары кубандырбай  койбойт. Балким, куррикулумдун, анын өзөгүн түзүп турган предметтерди интеграциялап  окутуунун да айрым жакшы жактары  бардыр, андайда алар камтыган жобо-принциптердин  нукура прогрессивдүү, заманбап делингендерин  кыргыз «кыртышына», улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө ыңгайлаштырып колдонууга алуу жагын  байкап, карап көрсө да болот. Методист-окумуштуу  Абдыкерим Муратовдун 2009-жылдын 7-майында жарык көргөн «Кыргыз адабияты» предметинин куррикулуму» деген аталыштагы көлөмдүү макаласында так ушул көйгөйлөрдү элибиздин руханий көрөңгөсү соолуп калбагандай кылып кантип чечүү керектигин сунуштоо аракети жасалган.

Чет элдик эксперттер ар бир окуу предметинин, анын ичинде кыргыз адабияты предме-тинин да жумалык  окутулуш көлөмүн кыйла азайтуу  милдетин алдыларына коюп отурушат. Эгемендүүлүк жылдары руханий байлыгыбыздын  уюткусу, жаш муундарды гумандуулукка, патриоттуулукка, жарыкчылыктын ажайып кооздугун кабылдап, баалай билүүгө  тарбиялоонун көөнөрбөс булагы болгон кыргыз адабиятынын окутулушун эптеп  жумасына 3 саатка жеткирип алдык эле, эми ал жумасына 2, ал эмес 1 саат окутулганга  чейин азайтылып, ал гана эмес түп  орду менен жоюлуп тынмакчы. Мектепте өтүлчү башка предметтер да дал ушул таз кейпин киймеги – турулуу  иш. Предметтерди интеграциялап окутуудан  улам алардын маани-маңызынан чөп  башылап маалымат алган окуучу геометриялык прогрессия ылдамдыгы менен тез  эле караңгылыктын, билимсиздиктин сазына батып тынары бышык. Ошол эле  учурда бул азыр эмгектенип жаткан жүздөгөн, миңдеген мектеп мугалимдеринин жумушсуз каларынан да кабар берет. Айласы куруган А. Муратов ошол себептен руханий көркөм мурасыбыздын эч болбоду  дегенде каймактарын сактап калалы деген ниетте кыргыз адабияты программасын «ревизиялоо» зарылдыгын кан какшап айтып отурат.

Методист окумуштуу А. Муратовдун айтымында кыргыз адабиятын, дегеле мектепте өтүлчү предметтерди куррикулум негизинде интеграциялап  окутуу көп жакшы саамалыктарды  алып келчүдөй. Андагыга ылайык предметтерди интеграциялоо аркылуу:

  • окуучулардын, жалпы мектептин окуу жүгү азаят;
  • материалдарды ашыкча кайталоодон арылабыз;
  • мурдагы материалды эске түшүрүүгө шарт түзөбүз;
  • бир нерсени ар тараптуу билүүгө мүмкүндүк ачылат;
  • окуучулардын илимий билими тереңдейт, кругозору кеңейет;
  • тарбиялануучулар адистик алган учурда адис катары дүйнө-таанымы ар тараптуу болот, тар алкактан, бир тараптуу билимге ээ болуудан кутулат;
  • предметке болгон жалпы кызыгуусу артат;
  • балдардын ассациациялоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт ж. б. (Караңыз: Муратов А. «Кыргыз адабияты» предметинин куррикулуму Кут билим, 2009, 7- май)

Көрүп турганыбыздай, тилеги жакшыдай болуп туюлганы менен, мында  жаңылык болорлук, андан да колдоого ала турган түк эч нерсе деле жок. Бир жагынан, руханий байлыгыбыз катары келчү оозеки жана жазма адабиятыбыздын, андан барып бир тууган элибиздин  келечек тагдыры үчүн күйүп, аргасы кетип жарга такалганынан улам ал эптеп бирдемени чүргөй салганы  айкын көрүнүп турат. А. Муратовдун пикиринде, кыргыз адабияты менен интеграциялануучу  предметтер болуп төмөнкүлөр эсептелинет: кыргыз тили, адеп, орус адабияты, тарых, география, музыка, көркөм өнөр, коом таануу.

Эгер чындап эле кыргыз адабиятын интеграциялап окутуу зарылдыгы туула турган болсо, андай  интеграцияланган сабакты ар башка  предметтин мугалимдери биргелешип өтпөй, ар кими өзүнчө өткөнү ылайык. Бул  эми ишке ашкыс кыял деле эмес. Өз кесибин сүйгөн чыныгы мугалим жогоруда аталган предметтердин материалын мектептик деңгээлде талаптагыдай өздөштүрө алат. Мисал издеп алыс барбайлы, совет доорунун атактуу  педагогдорунун бири В. А. Сухомлинский мектепте окутулган кайсы гана предметти  болбосун, аны окуткан предметчи  мугалимден кем эмес билчү дешет. Айтмакчы, сабакты жогорудагы сымал  ар башка предметтин бир канча  мугалимдери өтчү театрлашкан шоуга  айландырганда, ал акыры барып бир  канча жумага созулчу даярдык  ишин талап кылган кадимки салттуу  эмес сабактын эле өзү болуп калат. Ал эми классты атайын даярдоо, көрүнүүгө  умтулуучулук салттуу эмес сабакка  мүнөздүү «оору» экенин баарыбыз жакшы  билебиз. А балким, интеграциялап  окутууну ырасында эле небактан калыптанган билим берүү системабызды талкалоо концепциясы катары эмес, дал ошол салттуу эмес сабак формасынын бир көрүнүшү катары кабылдап, колдонууга сунуштаганыбыз ылайык болуп жүрбөсүн?..

А. Муратовдун айтымында  кыргыз адабияты куррикулуму негизинде  адабиятты окутуу төмөнкүдөй өзөктүү, түйүндүү багыттарды ичине камтыйт.

1. Көркөм чыгарманын тексти  менен иштөө. Бул иштердин ар  биринин этаптарын, максатын, милдеттерин,  методикалык ыкмаларын аныктоо.

2. Чыгармаларды алардын  тектик, түрлүк, жанрдык өзгөчөлүктөрүнө  ылайык үйрөнүү: эпикалык, лирикалык,  драмалык чыгармаларды ар биринин  өзгөчөлүктөрүнө жараша спецификалуу  окутуунун жолдору, ыкмалары.

3. Көркөм чыгарманы анализдөөнүн  усулдары: «авторду ээрчүү», образдык, проблемалык, композициялык, тилдик  ж. б. талдоолор.

4. Текстти интерпретациялоо, окуучулардын турмушу, ошол турмуштагы, дүйнөдөгү өзү тууралуу жеке  түшүнүгү менен көркөм чыгарманы  байланыштыруу.

5. Чыгарманы үйрөнүү процессинде  жана жалпы адабиятты окутуу  этабында окуучулар-дын адабий-теориялык  түшүнүктөрүн калыптандыруунун  системасы жана анын методикасы.

6. Сабактарда адабий сын,  адабияттаануу, эстетика багытындагы  эмгектерди колдонуу менен алардын  маңызын конкреттүү адабий чыгармага  байланыштуу ачып берүү жолдору  жана ыкмалары. Окуучулардын план, тезис, конспект, баяндама, сценарий, инсценировка ж. б. жаза билүү  компетенттүүлүгүн өстүрүү.

7. Акын-жазуучулардын биографиясын  үйрөнүү аркылуу таалим-тарбия  алуу жана ошол өмүр баяндын  конкреттүү чыгармалар менен  байланышын түшүнүү үчүн керектүү  болгон методика.

8. Адабиятты окутуу аркылуу  окуучулардын жазуу жана оозеки  кеп маданиятын өстүрүү, кыргыз  элинин сөз байлыктарын түшүнүү,  сөздүк-фразеологиялык жумуштарды  жүргүзүү жана андан ээ болгон  көндүмдөрдү практикада колдоно  билүүсүнө жетишүү жолдорун издөөнүн  усулдары.

9. Дилбаян жана изложение  өткөрүүнүн методикасы, жазуу иштерине  коюлган талаптар, аларды анализдөө  жана баалоо.

10. Адабиятты окутуудагы  көрсөтмөлүүлүк, азыркы технологияларды  сабакта колдонуунун максаты,  милдети, кызматы, түрлөрү жана  методикасы.

11. Кыргыз адабиятынан  тандоо сабактарынын мазмуну,  мааниси жана өткөрүүнүн жол-дору. «Соңку кыргыз адабияты», «Дүйнөлүк  адабият» курстарын жүргүзүүнүн  өзгөчөлүктөрү.

12. Класстан тышкаркы иштер.  Кошумча жана өз алдынча окуу. Булардын формалары, аларды жүргүзүүнүн  жолдору.

13. Кыргыз адабияты мугалими, анын башка мугалимдерден айырмаланган  сапаттары, мугалимдин менеджерлик  кызматы ж. б. (Аталган макала).

Аныгы, бул айтылгандар  жаңылык деле эмес, андан да карандай калп. Себеби, предметтерди интеграциялап  окутуу чындап киргизиле турган болсо, билим берүүдөгү примитивдүүлүктүн  кургуйуна кулап тынарыбыз эмитен эле ачык болуп калды. Биздин түшүнгөнүбүзчө, бул методист-окумуштуунун куррикулум – интеграциялап окутуу толук  аракетке киргизилгенинде кыргыз адабиятын  мектепте окутууну так мына ушундай  деңгээлде сактап кала алсак кана, атаганат! – деген кыялы, тилек-каалоосу, арманы. Ооба, унчукпай отура бергенибизде жакынкы эле келечекте кылымдардан  берки руханий байлыгыбыздан  кол жууп калуубуз, андан барып  элдүүлүгүбүздөн, тилибизден, дилибизден ажырап калуу мүмкүндүгү – реалдуулук. Кыскасы эмитен катуу турбасак, көптү  уттурарыбыз айныксыз.  
Мен бул чыгаан педагогду көптөн бери билем. Бир убакта аны билим берүү министринин постуна да сунуштаган элем ("Майдан", 28.01.92). 
"Иниме кат" аттуу эмгегин "педагогикалык поэма" деп атап, макала жазгам. Ал эми С.Байгазиевдин "Кутбилимге" жарыяланган "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" аттуу эмгегин бүгүнкү ыймандык кризистин тушундагы эң баалуу документ деп эсептейм жана автордун бул тарбия программасы жогорку баага татыктуу. 
Акыры жүрүп таалим-тарбия ишинде мектеп жетекчиликке ала турган тарбия идеологиясы табылды көрүнөт. Бүтүндөй коллектив иштей турган концепцияны жалгыз өзү иштеп, С.Байгазиев окуучу жаштарды мекенчил, патриот, адептүү кылып өстүрүүнүн чоң максатын, мазмунун жана технологиясын көрсөтүп берген. Далилдери, негиздемелери айныксыз ишене тургандай бекемделген. Бул концепция даяр стандартка салынып, орусчадан көчүрө салынган нерсе эмес, республиканын, мектептин бүгүнкү муктаждыгын, улуттук таламдарды эсепке алып, фактылар менен чечмеленип жазылган өзүнчө оригиналдуу, улуттук жүзү бар концепция. 
Ошону менен бул интернационалдуу да мазмунда. Себеби республикада жашаган боордош улуттардын маданиятын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды да үйрөнүүнү камтыйт. 
Бул бир жагынан концепция, экинчи жагынан мугалимдин дайыма окуй турган үстөл китеби сыяктуу. 
Тарбия жагындагы татаал абалды эске алып, мен министр Абдылда Мусаевге ушул концепцияны бекитип, мектептерге таратууну сунуштар элем. 
Тарбиялоонун жаңы концепциясын колдойбуз. 
КББАнын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагог-окумуштуу Советбек Байгазиевдин 30-март жана 3-апрель 2009-жылдагы "Кутбилим" газетасынын №11 санына жарыяланган: "Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" деген автордук долбооруна карата, Талас облусундагы эмгектенип жаткан айрым мугалимдердин ой-пикирлери жана сунуштары. 
Коом өзгөрүп, өнүккөн сайын азыр жаңы техникалык технологияларды жакшы өздөштүргөн, интернет, электрондук почта кызматынан кеңири пайдаланган билимдүү жаштарыбыз көбөйүүдө. Бирок ушул эле учурда китепканага барган окуучуларыбыздын саны кескин кыскарды. Жаштарыбыз жалаң эле интернеттен даяр материалды издеп, алуу менен гана алектенип калды. 
Окууга кызыккан окуучуларыбыз аз, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктар көбөйгөндөн көбөйүүдө; 
Эмне себептен? 
Мүмкүн, бул да болсо жаңы техникалык каражаттардын тийгизген кээ бир терс таасиридир. Азыр ар бир үйдө спутник-антенна, DVDлер бар. Окуучулар үй шартында телевизордон бул каражаттардын жардамы менен катаалдыкты, уруш-мушташты, кан төгүүлөрдү, сексти даңазалаган киши өлтүрүү азгырыктуу ар кандай темадагы биздин менталитетибизге карама-каршы фильмдерди кызыгуу менен көрүшөт. Компьютердик клубдарга барышып, акча төлөшүп, таш боорлукка, мыкаачылыкка тарбиялаган оюндарды ойношот. Ушул себептен улам жаштарыбыздын арасында ар кандай түрдөгү кылмыштуулуктар, кайдигерлик, мыкаачылык, рэкеттик күн сайын күчөп, тамырын жаюуда. Жаштарыбыз адеп-ахлактан чектөөдө. Мектептер ортосунда көчө-көчөгө, класс-класска бөлүнүшүп мушташуу, улуттук идеябыздан ажырап, ар кандай диний секталарга кирүү илдети күч алууда. Көпчүлүк жаштарыбыз өздөрүнүн керт башын гана ойлоп, турмушка коммерция, прогматик катары гана мамиле жасап жаткандыгы жашыруун деле эмес. 
Ата-энелер арасында көр тирлик деп, бүгүнкү базар экономикасынын катаал шартын шылтоо кылып, тарбия жаатынан алыстап, мектеп менен байланышпай, балдарынын билими, тарбиясына кайдигерлик менен кош көңүл мамиле кылгандар жок эмес. Эгер окуучу кылмыштуулукка барса, сөзсүз түрдө мектеп администрациясы, класс жетекчи жооп берет, мектептеги жана мектептен кийинки убакта да. Эмне үчүн ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатпайбыз. Мектепте окуучу 6-7 саат болсо, калган убакыт ата-энелер менен болот. Ошондуктан милдеттүү түрдө ата-энелердин мыйзам алдында жоопкер болушу керек. 
Адабий чыгармаларды кызыгып окуган окуучуларыбыз аз. Мектеп китепканасында көркөм адабияттар кыргыз тилиндеги саны абдан аз (өтө жарды). Бул дагы окуучулардын улуттук өзүн-өзү таанууда, көрөңгөдөн иш жүзүндө ажырап калуусуна алып келүүдө. Ошондуктан мектеп окуучуларын тарбиялоо жаңы реформага муктаж, жаңы идеологиялык максаттуулук, ырааттуулук, багыттуулук керек. 
Окуучуларыбыз улуттук баалуулуктарды: Мекенин, улутун, эне тилин, тарыхын, дөөлөтүн, салт-санаасын, нарк-насилин, маданиятын, океандай терең улуу "Манас" эпосунан тартып, көөнөрбөс ыйык элдин оозеки чыгармаларын, улуттук аспабын, күүлөрүн билүүсү зарыл. Ушул баалуулуктардын негизинде улуттук патриоттуулукка, Ата-мекенди сүйүүгө, рухий адеп-ахлакка тарбиялоо бүгүнкү күндүн эң маанилүү орчундуу милдеттеринен. 
С.Байгазиевдин мектеп окуучулардын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы бүгүнкү күндүн эң орчундуу, көйгөйлүү маселелерин өз учурунда козгоп отурат. 
       Мектеп жаңы концепцияга муктаж. 
Глобализация, илимий техникалык прогресс адам баласын болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге, ийгиликтерге бөлөө менен катар, өз ата-бабасынын, элинин жана жалпы адамзаттын биосоциалдык жана маданий байманасынын мурасын, ошондой эле алар иштеп чыккан бай руханий дөөлөттөрүн ырайымсыздык менен жокко чыгарып олтурат. Адамзат коомунун бакыбаттуу келечеги, анын ичинде кыргыз элинин болочок жаркын турмушу, жаңы руханий адеби бай инсандын аренага келиши, ата-бабалар максат кылган кыргыздын келечегин тарыхтын саргайган кунарсыз барактарынын арасына кошпой жаңы көз караш, жаңы дем менен түптөп, өркүндөтүп алдыга ары акылдуу, ары эстүү, ары ыймандуу атуулдарды тарбиялап чыгуу максатка ылайык келип отурат. Ошого байланыштуу азыркы мезгилдин курчуп калган талабына ылайык адептик таалим-тарбия берүү боюнча ишти жаңыча, практикалык багытта элибиздин менталитетин, руханий-адептик салт-санаасын, үрп-адатын, этнопсихологиясын, этнографиясын, ишенимдерин, дүйнө таанымын, улуттук идеологиясын, ураанын, жалпы эле руханий, маданий-материалдык байлыктарын жана азыркы турмуш талабын эске алуу менен жөнгө салып, жолго коюу зарылдыгы күн тартибинде турат. Бул процесс, албетте, мектеп окуучуларынан башталары айтпаса да ынанымдуу. Максатка ылайык окуучулардын жан дүйнөсүндө ыймандуулук, чынчылдык, боорукерлик, адилеттик, ата-баба сүйүп, кастарлап коргоп келген. Атамекенди сүйүү сыяктуу адамдык асыл сезимдерди уялатууга, күндөлүк турмушта өзүнүн ыймандык түшүнүгүн адептүү жүрүм-туруму менен айкалышта тута билүүсүнө каныктыруу шарт. Алардагы чыныгы адамдык эмоцияларды - социалдык, нравалык, эстетикалык эмоцияларды тарбиялоо, демек адамдын эмоционалдык турмушун тереңдетүү жана өнүктүрүү, анын личностунун ар тараптан байышына көмөктөшүү болуп эсептелет. Мына ушундай заманыбыздын көйгөйлүү татаал маселелерин жонуна артып, анын ийгиликтүү чечилишине шарт түзүп жаштарды тарбиялоодо идеологиялык максаттуулукту, ырааттуулукту, багыттуулукту камтый турган жаңы концепцияны, тактап айтканда, "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясын мамлекеттик деңгээлде иштеп чыккан белгилүү педагог-окумуштуу профессор Советбек Байгазиев. Концепция учурдун какшап турган талабына ылайык түзүлгөндүктөн муундарды тарбиялоодо олуттуу таяныч жана багыт болуп кызмат өтөмөкчү. Концепциянын башкы максаты - элдик идеяга жана заманга шайкеш келген нарктуу ыймандык-адептик сапаттарга эгедер, маданияттуу, жүрүш-туруш адеби калыптанган инсанды тарбиялоо. С. Байгазиевдин бул кылдат иштеп чыккан концепциясы жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынып, мектеп окуучуларын, жалпы эле келечек ээлерин рухий-адептик жактан тарбиялоодо негизги кубаттуу идеялык-тарбиялык каражатка айланарына толук ишенебиз. 

Жаштар жөнүндө 
Жаштардын психологиялык портрети. 
Бүгүнкү жаштар идеологиялык вакуумга дуушар болуп турган кез. Ошон үчүн алар өздөрү билгендей туура эмес моралдык-этикалык ориентир алып жатат. Жыйынтыгында жаштардын аң-сезими, образдуу айтканда, адеп-ахлакка жооп бербеген алдым-жуттум инстинктине сугарылып жатат. Ошондой эле жаштардын аң-сезимин эгоцентристтик өзүмчүлдүк, эсепчил рыноктук өз ара мамилелер колго алып калды. Анан өткөөл мезгилдерде элибизге мүнөздүү болгон альтруизм деген эң баалуу сапатты биздин коом жоготуп жатат. 
Коомдук жайларда. 
Жаштар коомдук жайларда өздөрүн абдан корс алып жүрүшөт. Алардын этикалык кейпи көз алдыбызда чирип жатат: жаш адамдардын лексикасы уят сөздөргө жык толгон, коомдук объекттерди бузуп-талкалап жатып буттары менен отургучтарды тебелеп-тепсешет, транспортто болсо кашайып карыларга жана айымдарга орун бошотушпайт. 
     Адатынча мындай көйгөйлөр тууралуу кеп козгосоң, сөздү мындай чыйыр сөздөр менен жыйынтыкташат: ар бир адам өзүнөн башташы керек. Бирок бир нерсени башташ үчүн жаштарда аң-сезимдүү түрткү боло бербей жатканы талашсыз. Ошон үчүн жаштар өздөрүнүн моралдык-этикалык абалы тууралуу ойлонушу үчүн мамлекет аларды акырын түртүп коюшу керек. Башкача айтканда мамлекет жаштарды тарбиялоого милдеттүү, элди да. 
Саясатта. 
Саясий аренада жаштарды нукура активисттерге жана арам ойлуу саясатчылардын сатып алууларынын курмандыгы болушкандарга бөлүштүрсө болот. Жаштардын активдүү бөлүгү адатта саясий жактан сабаттуу. 
Азыркы мезгилде көптөгөн жаштар уюмдары жана кыймылдары бар. Кээ бир жаштардын уюмдары өздөрүнүн миссияларын иш жүзүнө ашырууда өздөрүн эффективдүү көрсөтө алышты. 
Эгерде жаштарды социалдык сфера жагынан карап көрсөк, алардын көп бөлүгү жумушсуздуктун курмандыгы болушуп маргиналдардын саны өсүп кетти. Ал эми мындай жагдай өз кезегинде криминалды пайда кылууда. 
Билим берүүдө. 
Биздин коомго жана мамлекетке коркунучтуу болгон псевдокадрлардын (жасалма жалган кадрлар) армиясын даярдап жатканыбызды зор өкүт менен моюнга алышыбыз керек. Буга ким күнөөлүү дегенде, чет өлкөлүк конокторго көз көрүнөө даяр дипломдук иштерди, рефераттар жана башкаларды ачыктан-ачык эле сатып жатканыбызга мамлекеттин таптакыр кош көңүл мамилеси. Окуу жайларында, айрыкча сырттан окуу системасында аң-сезимсиз студенттердин басымдуу көпчүлүгү диплом алганга татыксыз. Анткени алардын дипломдору, бешенеден тер агызып алган билим катары баш-мээде жарык из кала тургандай болбой жөн гана чөнтөккө түшүп жатат. 
Алар менен академиялык чынчылдык тууралуу жана өлкөгө чынчыл, сабаттуу жана кесипкөй кадрлардын керектиги тууралуу сүйлөшсөң, алардын трагедиялык жообу мындай болуп турат: не пайда чыкмак эле, мен болбосом да баары бир башкасы бардык нерсеге бузукулук кылат. Өздөрүнүн жеке позициялары жана көз карашы, патриоттук сезими жок бир беткей ой жүгүрткөн

Информация о работе Тарбиялоонун заманбап концепциясы, анын социалдык маданиятынын негиздери, илимий методикалык негизи жана практикада колдонулушу