Тарбиялоонун заманбап концепциясы, анын социалдык маданиятынын негиздери, илимий методикалык негизи жана практикада колдонулушу

Автор: Пользователь скрыл имя, 17 Апреля 2013 в 14:35, реферат

Описание работы

Акыркы убактарда мектептик билим берүүгө интеграциялык сабак, куррикулум түшүнүктөрү батыл аралашып баштады. Аларды кээси түшүнүп кабылдаса, көпчүлүгү ички маңызын аңдап билбей эле ураалап жүрүшөт. Эл аралык билим берүү практикасында «куррикулумду» (curriculum) билим берүүнүн конкреттүү мезгилине ылайыкталган технологиялык окуу планынын билим берүү программалары же окуу программаларынын технологиялык баяндалышы түзөт.

Работа содержит 1 файл

Акыркы убактарда мектептик билим берүүгө интеграциялык сабак.docx

— 62.62 Кб (Скачать)

мындай студенттерди студенттик отургучтардан аёосуз шыпырып таштоо керек. 
Билим берүү 
2009-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев билим берүү тармагын реформалоону жана реформанын программасын иштеп чыгара турган Жумушчу тобун түзүүнү демилге кылган. Анда мен Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогом (кириш каттарынын каттоо номерлери сакталып калбады). 
Ал катымда мени Жумушчу тобуна кабыл алуусун сурангам. Аны үчүн өзүмдүн катымда билим берүү системасын реформалоо боюнча өзүмдүн алдын ала кыскача сунуштарымды жана КРнын Президенти презентациялаган Билим берүү Концепциясы боюнча да сунуштарымды бергем. 
Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатына жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине жиберлген катымдын кыскача тексти берилет. Андагы берилген сунуштарды аздыр-көптүр билим берүү реформасында пайдаланса болот. 
Мени Билим берүүнү өнүктүрүү Улуттук долбоорун иштеп чыгуучу Жумушчу тобуна кабыл алышыңыздарды суранам. 
Илимий даражамдын жоктугун, илимдин жана билимдин эмгек сиңирген ишмери болбогонумду акыры келип кадыр-барктуу инсан болбогонумду моюнга аламын. Бирок практика көрсөтүп тургандай оригиналдык идеяларды жана сунуштарды генерациялоо жөндөмдөрү инсандын кадыр-барктуулугунан жана илимий даражасынан же адамдын Мекендин алдындагы сиңирген эмгенинен боло бербестигине ишенем. Мен аткаруучуга караганда көбүнесе жаратман мүнөз катары мамлекетке көбүрөөк пайдалуу боло аларымды ишендиргим келет. Же балким мен абройлуу окумуштуу болууга үлгүрө элекмин да бирок нукура жөндөмдөрүм бар чыгар. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Презенти идеялардын өзүн иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобунун курамын ар кыл министрликтердин, ведомтстволордун, жарандык коомдун, бизнестин өкүлдөрүнөн түзүш керек деп баса белгилеген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Президенти тарабынан мамлекеттик  иштерге жаш кадрларды да тартуу саясаты жүргүзүлүп жатат. 
Сиздердин карооңуздорго буларды сунуш кылам: 
1. КРнын Президенти сунуш кылган Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча кээ бир алдын ала сунуштар. 
2. Мектепте бар болгону 2-3 ай завуч болуп иштеп жүргөнүмдө (анан мамлекеттик кызматка кетип калгам) иштеп чыгарган № 4-мектептин 2007-2008 окуу жылындагы ишмердигин Анализдөөнүн жана 2008-2009-окуу жылдарына сунуштарынан фрагменттер. 
3. Жарыкка чыккан менин китебимден билим берүү жана муунду тарбиялоого тийиштүү фрагменттердин көчүрмөлөрү.  
Мектепте бар болгону жарым эле жыл иштеп, институтта окуп билим берүү жана муунду тарбиялоо проблемаларын мындайча айтканда ичинен изилдеп билип чыктым.  
Балким менин сунуштарым декларативдүү чыгар, бирок Жумушчу тобуна кошулуп калсам, өзүмдүн сунуштарымды керектүү болгон конкреттүү стилге трансформациялайт элем. Андан сырткары дагы бир топ оригиналдуу сунуштарды иштеп чыккам да аларды Жумушчу тобунда иштеп жатып сунуш кылаар элем. 
Токтоо болбогонум үчүн кечирим сурайм, патриот жана таланттуу инсан катары Жумушчу тобуна чоң пайда келтире аламын жана атамекендик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошо аламын. 
Тиркемелер: 1. КРнын Президентинин Концепциясы боюнча алдын ала сунуштар 2 барак. 
2. № 4-мектептин 2007-2008-окуу жылынын ишмердигин анализдөөнүн жана 2008-2009-окуу жылына берилген сунуштардын фрагменттери 1 барак. 
3. Мектеп предметтерине толуктоолор 1 барак. 
4. Илимий-фантастикалык китептебимден жана «Госслужба и карьера» журналынан алынган билим берүү жана муунду тарбиялоого тийиштүү болгон фрагменттердин көчүрмөлөрү 22 барак.  
5. Резюме, рецензиялар, грамоталар, дипломдор (чыгармачылыгым тууралуу рецензияларды кошкон жокмун) 8 барак. 
КРнын Президентинин Концепциясы боюнча алдын ала сунуштар 
...Анын ийгиликке жетишинин бирден бир шарттары – билим берүүнү мамлекеттин приоритети деп жарыялоо. 
Бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясына сунуштарды бергем. Эми болсо ал сунуштарым 2007-жылдын 31-августунда жарыкка чыкан китебимде: 
«1. Кыргызстан Педагогикалык аң-сезимдин мамлекети болуп саналат.». Комментарий: билим берүү тармагын мамлекеттин приоритети деп атоонун бул бир гана жолдорунун бири. 
Өлкөнүн реформалары кадрдык ачкалыкка кептелип жатат. 
Эмдиги 2010-жылдан баштап билим берүү приоритетин бюджет менен бекемдеш керек. Педагогикалык кызматкерлердин социалдык жеңилдиктери болсо боло турган иш. 
Билим берүү – ар түркүн ведомстволордун, бүткүл коомдун жана өлкөнүн маселеси.  
Билим берүү субъектине – коомдун мүчөлөрүнүн руханий жана нравалык-этикалык дүйнөсүн калыптандыруудагы моралдык жоопкерчилиги бар массалык маалымат каражаттарын тартуу. Мындагы ой, массалык маалымат каражаттарынын билим берүү программаларын эфирге берип түздөн түз катышуусу эмес (бирок ушундай методдорду деле иштеп чыга алат элем), тескерисинче эфирге маалымат берүүдө грамматикалык жана нравалык-этикалык жактан үлгү болуу тууралуу сөз болуп жатат. Башкача айтканда эфирге маалыматтарды берүү ишинде грамматикалык каталарга жол бербөө, этикага жооп бербеген көрүнүштөрдү жана тасмаларды бербөө.  
Аз эмес чиновниктер, өзгөчө билим берүү тармагындагылар, жөн гана реформага башкача мамиле кылууга жөндөмдүү эмес. 
Демилгелүүлөрдү, ишине чыгармачылык ык жасаган, мындайча айтканда карамагындагы «акылдуу» кызматкерлерди жазага тартуу жана урушуу стереотибин жоюу. Прогрессивдүү демилгени, ишине чыгармачылык ык жасоону колдоого алуу, эгерде демилгелүү сунуштар системанын өнүгүшүнө ачыктан ачык пайдалуу болсо, карамагындагы кызматкерлерди демилге үчүн коркуу сезиминен бошотуу. 
Мен дагы бир жолу кайталаймын – билим берүүдөгү реформа проблемалары өлкөнүн келечеги үчүн, улуттук көз карандысыздык үчүн, биздин балдарыбыздын тагдырлары үчүн критикалуу. 
Уулуттук кадрлардын прообразы, абалдан акылмандыкча интернационалдуу чыгуу катары «Мамлекеттин элиталык кадрлары» программасын сунуш кыламын – 2007-жылдын 31-августунда чыкан китебимден (көчүрмөсү тиркелет). 
Аскердик же башкаруу реформаларын эске алуу башка мисал боло алат. Бизге эртең эле терроризм менен күрөшүүнүн же мамлекетти башкаруунун заманбап технологияларын билген кадрлар керек болуп калат. 
«Госслужба и карьера» журналынан «Бүтүрүүчүлөрдүн жаңы мууну же мамлекеттик кызматка катуу тартипте кабыл алуу» деген макаламдын көчүрмөсүн (тиркелет). Макалада мамлекеттик кызмат системасына гана эмес, эл чарбасынын бардык тармактарына да сабаттуу кадрларды даярдоо маселеси каралган (сунуштар дээрлик универсалдуу). 
Өлкөнүн келечеги үчүн биздин маданий мурстарыбызды пайдалануу принципиалдуу зарыл болуп саналат. Жана бул талап гуманитардык билим берүү маселелеринин маңызын да өзгөртөт. 
Мектеп программасына, орто-атайын жана жогорку билим берүү программасына кыргыздардын культурологиясы деген уникалдык предмет иштеп чыгуу. 
Бардык өнүккөн мамлекеттердин негизги ориентири катары, адам өмүр бою окуганга, өзүнүн квалификациясын жогорулатып жана өзгөртүп турганга мүмкүн боло турган билим берүү системасын түзүү керек. 
Өлкөнүн бардык уюмдарында кадр кызматы тарабынан кез кези менен кызматкерлердин билим алуу багытындагы жекече талаптарын билип туруу үчүн ички мониторинг жүргүзүп туруу. Башкача айтканда жумушчулар, кайсы тармактар боюнча билиминин жетишпестигин билдирип турушат. Мисалы кимдир бирөө иш кагаздарын начар билиши мүмкүн, компьютердин тигил же бул программаларын жана башка нерселерди билбеши мүмкүн. Анан өлкөнүн ар бир ишкана-мекемелеринде жумушчулардын жекече арыз-талаптарына ылайык кыска мөөнөттүү курстарда, орто же жогорку окуу жайларында окутуп даярдоо планы иштелип чыгат. Ушул эрежелерди КРнын эмгек мыйзамдарына киргизип койсо болот (КРнын Эмгек кодексине, Мамлекеттик кызмат мыйзамына, КРнын Конституциясына – Конституция да эмгек тууралуу жоболорду өзүндө камтышын эске салгым келет.). 
Мурда совет мектебинде тарбилоо системасынан чыгарылып салынган жаңы коркунучтар пайда болду – кылмыш дүйнөсү жана экстремисттик кыймылдар мектепти өзүнүн күчүн көрсөтүү объекти кылып алышты да кеч боло электе бул коркунучтарга жооп бериш керек.  
Патриоттук сезим менен, адал эмгектенип олуттуу түрдө экспансияны анализдеп ага бөгөт коюш керек. Ага каршы турган субъекттер биринчи кезекте КРнын атайын кызматтары жана башка мамлекеттик органдары. Экспансиянын телекөрсөтүүдө жана коомдук жашоонун башка тармактарында тамырын терең кулач жайганы кооптуу болуп турат. 
Жоопкерчилик зоналарын так аныктап алуу керек – мамлекеттин өзү гана эмнеге жооп берет, бизнеске же жарандык коомго эмнени өткөрүп берсе болот, ата-энелер өздөрүнө эмнени ала алат. Бүгүн дүйнөдөгү бир да өнүккөн мамлекет билим берүүнүн бардык тармагын толугу менен каржылап башкарууга жөндөмсүз. 
Бизнеске эмнени өткүрүп берсе болот: билим берүү мекемелерин каржылай турган бизнес структараларына, салыктарды төлөөдө жеңилдиктер бериле турган статьяны салык мыйзамдарында чагылдыруу керек (мисалы, өлкөдү кыска мөөнөттүү курстардын түйүндөрүн кеңейтүү абдан зарыл). Ошондой эле биздин мезгилде мектеп окуучуларына ушунчалык жетишпей жаткан окуу китептерин чыгарууну каржылай турган бизнес структураларына салыктарды төлөө жеңилдиктерин карап чыгуу керек. 
Керектүү өзгөрүүлөрдү убакыт жана чыгымдар боюнча көрсөтүү. Бүгүн эле өзгөчө чыгымга учурабай эмнелерди кылса болорун бөлүп чыгуу керек. Дурус ой жана башкаруу чечимдеринин эсебинен гана. Жана кайсы нерселер узакка созулган жана кырааты менен чечүүнү талап кылат. 
Өзгөчө чыгымсыз эмне жасаса болорун сунуш кыламын: Адегенде 2007-жылдын 31-августунда жарыкка чыккан китебимден цитата: 
Билим берүүдө. 
Биздин коомго жана мамлекетке коркунучтуу болгон псевдокадрлардын (жасалма жалган кадрлар) армиясын даярдап жатканыбызды зор өкүт менен моюнга алышыбыз керек. Буга ким күнөөлүү дегенде, чет өлкөлүк конокторго көз көрүнөө даяр дипломдук иштерди, рефераттар жана башкаларды ачыктан-ачык эле сатып жатканыбызга мамлекеттин таптакыр кош көңүл мамилеси. Окуу жайларында, айрыкча сырттан окуу системасында аң-сезимсиз студенттердин басымдуу көпчүлүгү диплом алганга татыксыз. Анткени алардын дипломдору, бешенеден тер агызып алган билим катары баш-мээде жарык из кала тургандай болбой жөн гана чөнтөккө түшүп жатат.». Ошон үчүн сунуш кыламын: көп чыгымсыз эле даяр курстук, дипломдук иштерде жана рефераттарда чайкоочулук кылууга тыйуу салыш керек. 
Билим берүүнү башкаруу системасын өзгөртүүдөн жана аны мыйзам жана нормативдик камсыз кылуудан. 
Нормативдик-укуктук актыларды жакшыртуу боюнча жакшы жөндөмдөрүм бар. Мисалы, жер-жерлерде түздөн-түз проблемаларды окуп-үйрөнүп мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга көп жолу сунуштарды иштеп чыгып берип жүргөм. 
Биринчи кезекте керектүү масштабдарда мектепке чейинки окутуу жана тарбиялоо системасын кайра жаратып модернизациялаш керек.

Менин китебимде  швейцариянын долбооруна шилтеме берилип  балдар бакчасынан баштап кош тилдүүлүк  жана башка көптөгөн оригиналдуу сунуштар каралган. 
Билим берүүнүн формасын жана мазмунун, балдардын конкуренттүү технологиялык дүйнөдө ийгиликтүү жашоого жетишүүдө өздөрүнүн илимге, чыгармачылыкка, кол өнөрчүлүккө, спортко, коммуникацияларга болгон жеке жөндөмдөрүн ача ала тургандй кылып камсыз кылыш керек. Аны үчүн билим берүүнүн жаңы стандартатрын жаратуу керек.  

Тарбиялоодогу чоң  проблема  
Демократиялуулуктун шарапаты менен жаңы диний жана жалган диний ишенимдер окуу жайларына, мектептерге, ишканаларга жана мекемелерге каптап кирди. Алардын жолунда "жашыл жарык" жанып, ыңгайлуулук түзүлдү. Арийне, алардын ишмердиктери, тажрыйба жүргүзүлгөн аймактардагы адамдарга таасир этүү максаттары, милдеттери жана алардын жыйынтыктары алар түзүлгөн өлкөлөрдүн мыйзамы тарабынан эч кандай көзөмөлгө алынган жок. Мындай "диний эркиндиктин" кесепети дароо эле сезилди. Билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, ал тургай, үй-бүлөлөрдө чыр-чатактар жана жаңжалдар чыга баштады. Ар кандай секталарга кирип кетишкен балдардын кооптонгон ата-энелери чуу көтөрө башташты. "Салтка жатпаган диний ишенимдерге" берилип кетүүнүн трагедиялуу, ал тургай, криминалдык кесепеттери тууралуу көптөгөн басылмалар, теле жана радио берүүлөр пайда болду. 
Азыркы учурда түзүмсүз диний бирикмелердин, окуулардын жана секталардын билим берүү системасына каптап кирүү проблемасы актуалдуу маселе болуп саналат. Тилекке каршы, айрым педагогдор өздөрүнүн оккульттук-мистикалык тарамдарга - астрология, кабалистика, экстрасенсорика, оккультизмге ж.б.у.с. жекече кызыгууларын окуу процессине киргизүү менен, окуучулардын оккульттук-диний көз караштарын калыптандырууга аракет кылышууда. 
Жаңыча диний ишенимдик окуулардын негизинде "ден соолукту чыңдоочу", "психиканы өркүндөтүүчү", "эстетиканы өнүктүрүүчү" жаңыча фантастикалык программалар биринин артынан бири пайда болууда. Алардын динден ажыратылган билим берүү мекемелеринде колдонулушу мектеп жөнүндөгү да, дин жөнүндөгү да мыйзам актыларынын бузулушуна алып келүүдө. Түзүмсүз диний ишенимдердин каптап киришинин натыйжасында педагогикалык жамааттарда чыр-чатактар чыгууда, педагогдордун ата-энелер менен мамилесинде проблемалар болууда, окуу процессине коркунуч туулуда. Эң башкысы - балдардын улуттук маданий-руханий баалуулуктардан алыстоосу тереңдөөдө. Улуттук менталдуулук, тарыхый аң-сезим, жарандык жана патриоттук туюм бузулууда. Ар кандай секталарга кирип кетишкен балдар жана жаштар "бөтөндөргө өз, өзгө бөтөн" болууда, өз үй-бүлөсүнөн, элинен, мамлекетинен айрылып, коомдон четтеп калышууда.  
Чет өлкөлөрдөн киргизилген секталардын дээрлик баардыгы антипатриотизмди жайылтышууда. Маселен, кореялык жалган пайгамбар жана "ай-аалам императору" Сан Мен Мундун сектасы тууралуу айта турган болсок, анын мүчөлөрү "чыныгы Ата Мекени" Кореяга берилгендик жөнүндө ант берип жатышса, кандай патриоттук сезим жөнүндө кеп кылууга болот. Мун Ата Мекенди, өз элин сүйүүнү жана урматтоону, деги эле патриотизмди таптакыр танат. "Бир да эл өз тарыхына, өзүнүн ата-бабаларынын жасаган кылмыштары жана адилетсиздиктери үчүн бети чымырап уялбастан ак ниети менен тике карай албайт", - деп жазат ал. Демек, мунчунун сүйүп урматтай турган өз эли, сыймыктана турган өз тарыхы жок, болушу да мүмкүн эмес. Мундун окуусу боюнча, анын баары - калп, уят жана маскаралык, жападан-жалгыз "чыныгы ата-эне" - Мундун өзү, анын аялы жана ошол сектанын мүчөлөрү мунчу үчүн боордош болуп саналат. Анда, ушундай идеологияга сугарылган катардагы кыргыз мунчу ким үчүн жана кантип күрөшөт?  
Кришна эл аралык аң-сезим коомунун жогорку окутуучулары айтышат: "Адамзат коомунун башы жок болгондуктан, брахман эмес акыл-эси жок адамдар дүйнөнү азаптуу талкаланууга алып баратышат… Адамзаттын башчылыгына брахмандар келмейинче, бейкуттук да, бак-дөөлөт да, ырахаттануу да болбойт" ("Варнашрама - социалдык жан-дүйнөнүн саламаттыгынын манифести" жаңы коомунун жана мамлекеттин концепциясы). 
Тоталитардык тартиптеги "идеалдуу коомдун" ажырагыс бөлүгү - бул душмандын бейнеси. Кришна эл аралык аң-сезим коому өз душмандарын "демон" деп атайт: "Бул дүйнөдө адамдардын үч түрү жашайт: кудай тарабынан тандалгандар, демондор жана күнөөсүздөр. Кудай тарабынан тандалгандар өз ордун Жаратканга кызмат өтөөдөн тапкандар. Демондор Кудай жөнүндөгү ар кандай окууларды жок кылуу үчүн жигердүүлүк менен иш жүргүзгөндөр. Күнөөсүздөр болсо коомдун башында тургандардын артынан ээрчиген жоон топ үйүр" (ошол эле концепцияда). 
Кришналык кыймылдын атынан жасалган кандай гана кылмыш болбосун, анын ичинде киши өлтүрүү да, кришначыны жоопкерчиликтен бошотот. Дагы бир мисал. Өтө кеңири жайылтылган неопятидесятниктер сектасынын (РОСХВЕнин курамына кирет) абройлуу пасторлорунун бири А.Ледяев: "Ата Мекен деген бөтөнчө мүнөздүү өзгөчөлүктөгү, өзүнүн мыйзамдары бар аймак. Ата Мекен негизги эрежеси - "баш кылтайтпа" болгон калың топтун мыйзамдары боюнча өкүм сүрөт. Көрдүңөрбү, Ата Мекен деген эмне экенин? Эгерде ошол калың топ, Ата Мекен деген синдромду жок кылбай турган болсок, анда биз ошондой өтө кооптуу жагдайда, өтө коркунучтуу абалда жашап калабыз. Ата Мекен деген ишенимдин курмандыгы болуудан сактангыла!.. Каны бир туугандык жин-шайтандын тоскоолдугун жарып өткүлө. Ата-журт деген жин-шайтандык күчтүн боордоштук тоскоолдугун жарып өткүлө", - деп окутат. Пятидесятниктер сектасынын экинчи бир төбөлү Иванник: "Бизди токтотууга эч мүмкүн эмес! Өлкө канчалык алсыз болсо, "чиркөө" ошончолук күчтүү болот. Өлкө канчалык жакыр болсо, "чиркөө" ошончолук бай болот. Мага ушундай жагдай куп гана жагат!" - деп үгүттөйт. Мында ал "чиркөө" деп тоталитардык сектаны айтып жатат.  
"Иеговдук күбөлөр" сектасында Ата Мекендин туусун, гимнин жана гербин урматтоого, шайлоолорго катышууга, мамлекеттик майрамдарды өткөрүүгө тыюу салынган. Ал сектага кирген кыргыз уланы армияга барбайт, өзүн кыргызмын деп да эсептебейт. Анын Ата Мекени - Бруклин. Адамдар жаш, секта үчүн кандайдыр бир нерсе кылып бере турган кезде алардын эмгеги аны дагы кеңейтиш үчүн пайдаланылат… Ал эми картайганда секта аларды көчөгө чыгарып салат. Анткени секта - тебеленип тапталган тагдырларды жана чайналган жан-дүйнөнү чыгара турган зор эт туурагыч. 
Секталар коомдун баардык деңгээлдериндеги адамдардын саламаттагына залалын тийгизет: индивидуалдуу (инсандык деңгээлде), микросоциалдык (үй-бүлөлүк, социалдык топ, эмгек жамааты деңгээлдеринде), макросоциалдык (коомдук деңгээлде). 
Андай болсо, биз депутаттарыбызга "Эмне үчүн мамлекет тоталитардык секталарга эч кандай чара көрбөйт?" - деген суроо менен кайрылсак болот. 
Диний ишенимдерге өтө сабырдуулук менен мамиле жасагандыгы тууралуу кайчы пикирлер болгон Европада секталарга катуу мамиле жасалат экен. Маселен, Германияда жана Францияда тоталитардык секталардын ишмердигине көзөмөлдүк кылган мамлекеттик органдар иштейт. Ал мамлекеттик органдар калкка түзүмсүз диний ишенимдер жөнүндө дайыма маалымдап турушат, мектептерде лекцияларды окушат, секталардын кыйраткыч мүнөзү жөнүндө баракчаларды жана буклеттерди чыгарып турушат. Мезгил-мезгили менен сектанттардын мыйзамды бузган тигил же бул иш-аракеттерине изилдеп-иликтөө жүргүзгөн парламенттик комиссиялар уюштурулуп турат. 
Өзүн "динден тышкары" деп жарыялаган биздин мамлекетибиз болсо, "жан-дүйнө азыгынын" сапатына көзөмөлдүк кылуудан таптакыр эле обочолонуп калды. Кыргызстанда, тилекке каршы, бул проблема менен Мусулмандар мечити, Православие чиркөөсү алектенип калышкансыйт. Алар мамлекеттен ажыратылганы менен, коомдон ажыраган жок, ал тургай, иш жүзүндө коомдун басымдуу бөлүгүн түзүүдө. 
 
 
Мектеп предметине толуктоолор 
№ 4-мектепте географияны окуткан катары, мурдакы курсант-учкуч катары, кесибим бооюнча метеоролог катары география предметине төмөнкүдөй толуктоолорду бере аламын: координаттар системасы, компас, булуттар боюнча тема. Бүгүнкү күндө мектептин бүтүрүүчүсү «кеңдик (широта)», «узундук (долгота)», градустар, минуталар, секундалар, магниттик жана географиялык уюлдар деген түшүнүктөрдөн кабардар эмес. Ошондой эле мектеп окуучулары, компастын жебеси чынында алар элестеткен географиялык уюлду такыр көрсөтпөшүн билишпейт (билиминдеги жаңылыштык). Ошондой эле «азимут» деген термин деңиз флотунда жана авиацияда «багыт» (курс) деп аталарын билишпейт. Булуттар тууралуу тема жеткилең эмес. Кайсы булуттардан кар, кайсы булуттардан жамгыр, кандай булуттардан мөңдүр жана башкалар жаарын билишпейт (буларды билүү ашыкча болбос). Ушул сыяктуу нюанстарды мектеп географиясына кошуп койсо болот эле, булар татаал деле темалар эмес. Компасты пайдалануу темасы ушунчалык ийгиликсиз түзүлүп калгандыктан жыйынтыгында мектеп окуучулары компасты пайдаланганды билишпейт. 
Ошондой астрономия предметин жана окуучулар кыйналып түшүнө турган тарых предметин аздыр-көптүр жакшырта алам. Ошондой эле «психика», «аң-сезим», «борбордук нерв системасы» түшүнүктөрү боюнча тийиштүү мектеп предметтерине айкындуулук киргизе алам. Көпчүлүк адамдар психика жана аң-сезимди так эмес, даана эмес, ал түгүл абстракттуу чечмелешет. Ошондой эле мектеп окуучулары чыйыр жол менен демократияга «эл бийлиги» деген эле жападан жалгыз түшүндүрмөнү араңдан зорго беришет. 
Ошондой эле коом таануу предметин такыр татаалдатпай эле андагы философия темасын жакшырта алат элем, бул окуучуларга абдан пайдалуу. 
Менин катым министрликке жиберилгенге чейин эле Президенттин катчылыгына Жумушчу тобунун курамын түзүү үчүн адамдардын тизмеси жиберилгени айтылган. Ушул эле катта, менин сунуштарым Жумушчу тобу менен эске алынары айтылган. 
Президенттин Секретариатынан көпкө дейре жооп келбей жатты. Мыйзам боюнча жооп отуз күн ичинде берилиши керек деп айтканыма алар минтип жооп беришти: “биздеги система бир аз башкачараак (аларда эреже башка турбайбы) ошон үчүн сөзсүз эле отуз күндүн ичинде жооп бере бербейбиз”. Мен тез тез телефон чалып турдум. Башында дайыма айтып турушчу, “сиздин катыңыз Оксана Малеванаянын кароосунда жана күтүп туруш керек” деп (абдан узак күттүм). Ананыраак менин катымдын жоголгонун билдиришип өзүмдүн сунуштарымды кайрадан даярдап жиберүүмдү сурашты. Анда мен минтип жооп бердим: биринчиден, менин сунуштарым комплекстүү жана аларды кайрадан түзүп чыгуу оңой эмес, анан, биздин эмгек акыбыз адамды басмырлагандай аз болуп турганда кайсы акчага кайра кагаздарды сатып алат элем; экинчиден, мен мамлекеттик кызматта иштеймин, жумуштагы жүктөм абдан көп да убакытты өзүмдүн жеке иштериме пайдаланганга укугум да жок, мүмкүнчүлүгүм да жок.  
Кечирээк алар, менин катымдын табылганын жана менин кандидатурамды Жумушчу тобуна сунуш кылуу үчүн В.Никитинге сунуш беришкенин айтышты. Ошентип Президенттин Секретариаты менен болгон байланыш аягына чыкты. 

Учурдун «Нравалык  издөөлөрү» же нравалуулуктун механилкалык альтернативасы 
Жүргүнчүнүн ыйманы – мыкты контролёр (совесть пассажира – лучший контролёр). Бул алтын сөздөрдү совет эпохасынын ар бир жашоочусу жакшы билет. Тилекке каршы бул өткөн заманда калган нравалык баалуулукту бүгүн эми мамлекеттик башкаруу тармагына экстрапаляциялоого мүмкүн болбой калып бүгүн жүүнүбүз бошоп мамлекеттик органдардын жана чиновниктердин ишмердигин көзөмөлдөөнүн кай бир болбогон үчүнчү органдарын амалкөйлөнүп ойлоп таба беребиз. Анан башыбыз катып дагы бир суроо коёбуз: «ал эми бул үчүнчү органды ким көзөмөлдөйт анан?» деп. Ошондой эле коомдук адилеттик өңдүү нерселерге жетишүү максатында кызыктар топторун (группы интересов) ойлоп чыгарабыз, кызыктар тобу маңызында эгоисттик мүнөзгөө ээ экенин капарыбызга албайбыз, анткени жада калса коомдун да кызыкчылыктарын да эч тартынбай эгоисттик кызыкчылыктар тобуна бөлүп-жарып салдык. Ошондой эле өлкөдө темирдей катуу тартип орнотуунун, ыймандуу жана патриот чиновниктерди тарбиялоонун ордуна чиновниктердин ыйманын (мамлекеттик органдардын ишин да) көзөмөлдөй турган байкоо кеңештерин ойлоп таптык. Ал түгүл Конституциянын долбооруна да айлакерленип оголе болбой бийликти адилеттүү бөлүштүрүү жана теңдештирилген көзөмөл механизмдерин ойлоп табабыз. 
Өлкөдө же руханий өсүш жок, өлкөдө же муунду нравалык тарбиялоо да жок, өлкдө же темирдей катуу тартип жок да бардык институттарга альтернативалык институттарды ойлоп таба беребиз, мисалы альтернативалык парламент жана ушул сыяктууларды. Курултайдын кереги жок деп айталбайбыз. Бирок эгерде коомдо тартип болгондо курултайларга да зарылчылык болмок эмес. 
Ошентип биз нравалык издөөдөн обочолонуп калдык, азыр эми моралдык жана этикалык канондорго таяна албай калдык да алардын ордуна адилеттик жана чындык үчүн күрөшүүнүн механикалык куу амалдарын ойлоп табууга кыйын уста болуп калдык. 
Төртүнчү концепция – Маданияттын руханий аң-сезими 
1. Маданиятты өнүктүрүүнүн руханий формуласы. 
2. Маданиятты кризистен чыгаруу боюнча жүзөгө реалдуу ашырса боло турган жаңы экономикалык эсеп.

3. Маданият ишмерлеринин, акын-жазуучулардын жана башкалардын  турмушун жандандыруу. 
4. Кыргызстандын маданияты кандай болушу керек: улуттукпу же улуттар аралыкпы? 
Бул концепцияда коомдун руханий жана материалдык өнүгүү тепкичинин катнашы катары аныкталган цивилизация деген түшүнүккө алаксыбай андан баш тарта туруп көңүлдү элдин маданиятын өнүктүрүү проблемасына бурабыз. 
Ар кандай эле маданият – маданият деген нерсенин субстанциясы (башкы жаратуучу негизи) катары адамдын ишмердигинин натыйжасы экендиги белгилүү. Адамдардын ишмердиги эле бар болсо – руханий да материалдык да маданият бар боло бермекчи. Алгач руханий маданият деген эмне, ал эми материалдык маданияттын эмне экендигин чечмелеп алалы. Элдин руханий маданияты адабият, искусство, фольклор сыяктуу ресурстарга, нравалык жана эстетикалык баалуулуктарга жана башкаларга ээ болуу менен сыпатталат. Ал эми материалдык маданият тарыхый материалдык дөөлөттөрдү сактоодо жана ошондой эле илимий-техникалык прогресстин продуктысы болгон бардык нерседе чагылдырылат.

Ошентип биз адамдын ишмердиги  гана маданиятты жаратарын аныктап  алганыбыз соң адамдын ишмердиги  негизи – өзүнүн табиятында адамдын  руханий мүмкүнчүлүктөрүнүн руханий  көрүнүшүн, руханий мүнөзүн чагылдырары  талашсыз нерсе болуп турат. Демек  адамдын аң-сезимине руханийлүүлүктүн потенциалын же энергиясын салып  мунун натыйжасында элдин руханий  аң-сезиминин деңгээли – маданияттын  өнүгүшүнө түздөн түз пропорционалдуу  экендигин элестетебиз.

Маданияттын руханий аң-сезими – маданиятка өмүр берүүнүн табигый  шарты жана жаш да улуу да муундун  руханий аң-сезими аркылуу жана мамлекет коомдун жашоосун уюштурууга, нукка  салууга жана коомдун ар кандай кыймылына, анын абалына жооптуу болгону  үчүн мамлекеттин да руханий аң-сезими аркылуу маданиятты өстүрүү. 
Маданиятты өнүктүрүү үчүн адамдардын аң-сезими мазмундуу болуп руханий элементтерге бай болушу керек. Адамдар руханий аң-сезими аркылуу гана маданият жаратышат. 
Маданиятты өнүктүрүү проблемасы экономикалык салымдан тыгыз көз каранды. Буга мамлекет түздөн түз кам көрөт анткени биздин аныктамабызга ылайык мамлекет да маданияттын аң-сезимин алып жүрүүчү болуп саналат анткени ал маданиятка руханий аң-сезим, өмүр үйлөп берет. Эми маданияттын аң-сезимин (руханий аң-сезимин) жолдуу компоненттер менен комплекттөөгө аракет кылабыз. Азыр руханий аң-сезимдин мазмунуна көркөм адабиятты окуу, кинолорго, театрларга, музейлерге жана башка жерлерге баруу сыяктуу компонененттерди салабыз. өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүдө адамдардын мындай ишмердигинин (китеп окуу ж.б.) мааниси канчалык зор экендигин төмөндө карап көрөбүз. 
Көркөм адабиятты окуган жана кино, театрларга жана музейлерге барышкан муун – бул өлкөнүн маданиятынын тоталдык компоненти жана кайра жаратуунун, деңгээлде кармоонун жана өнүктүрүүнүн кынтыксыз кубаттуу жаратман күчү. 
Зордукчул рыноктук жана адамдын шаштысын кетирген жогорку ыргактагы постсоветтик жашоонун жана идеологиялык вакуум жана маданият ыдырап жаткан шартта китеп окуу сыяктуу мындай нерселер адамдар үчүн баалуулук ориентациясына ээ болбой калды. Адамдарды руханий жана нравалык-этикалык кайра жаратуу, инсанды ар тараптуу өстүрүү жана өлкөнүн адамдык ресурстарын бекемдөө максатында көркөм адабиятты окуу жана кино, театрларга, музейлерге жана башка жерлерге баруу үчүн шарттарды түзүү өзгөчө зарыл болуп жатат. 
Ушул максатта китептерди окуу жаатында жолдуу суроо жылдырып чыгабыз: кандайча бүтүндөй муун өз ыктыяры менен көркөм адабиятты берилип окуп калгыдай кылса болот? 
Калктын социалдык-экономикалык абалы оңолмоюн китепти үй тиричилигинде окуу күмөн. Анткени калктын көпчүлүгү анын ичинде кээ бир категориядагы балдар көр оокаттын айынан окуудан бош убактысында нан таап жөө үчүн иштөөгө аргасыз болуп турганы адаткы көрүнүш. Мисалдарды санап отуруунун кажети жок. Анткени биздин каардуу мезгилде турмуштун проблемалары жана инсанды өз алдынча өнүгүүсүнөн алаксыткан факторлор жетиштүү. Башкача айтканда адамдар китеп окууга чолосу тийе бербей жатат. Бирок канткен менен адамдар сөзсүз түрдө өздөрүнүн кымбат баалуу убактысын: балдар – мектепте окууга, жаштар окуу жайларында окууга, улуулар – жумушка арнашат. Солдаттар бир жарым жыл аскерде кызмат кылышат. Кылмышкерлер тордо отурушат. Адамдардын күндөлүк турмушунун ушул жактарынан гана мыйзамдын негизинде адамдар кез-кези менен же такай окуусуна, киного, театрларга, музейлерге баруусуна жана эс алуусуна мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн убакыттан кесип алып берүү зарыл. Кино жана театрларга баруунун финансылык жүгү тууралуу төмөнүрөөктө талкуулайбыз, болгондо да жарандардын пайдасына. Бирок алдын китептерди окууну кантип уюштуруу тууралуу акылдашалы. 
Озүнүн өмүр жолунда китептерди каныкканча окуп алуу бала чакта башкача айтканда мектеп жылдарында абдан ылайыктуу. Анткени адам мектепти аяктаганда аны үй-бүлөлүк дегеле чоң турмуш арабасы алаксыта баштайт. Бирок балдардын мектепте, жаштардын орто жана жогорку окуу жайларында, солдаттардын аскерде, кылмышкерлердин тюрмөлөрдө ал эми чоңдор болсо иштеген жеринде ишканасынын менчик формасына карабастан китепти окууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү. Китеп окууну билим берүү чөйрөсүнө (мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, орто жана жогорку аскердик окуу жайларында), Куралдуу күчтөр чөйрөсүнө, тюрмө чөйрөсүнө жана эмгек чөйрөсүнө бөлөлү. 
Билим алуу, Куралдуу күчтөр чөйрөсүндөгү китеп окууну сөзсүз түрдөгү тартип катары киргизсе болот. Ал эми эмгек тармагындагы китеп окууну – иш учурунун эсебинен жана эмгек акысын сактоо шарты менен көркөм адабиятты окууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү катары гана тартип кабыл алуу керек. Жогоруда айтылгандай мындай мыйзам жеке менчик ишканаларына да таркайт. 
Билим берүү тармагындагы китеп окуу: 
Мисалга мектепте жана окуу жайларында сөзсүз көркөм адабиятты окуу үчүн күнүнө бир жуп сабактан (бир пара – бир жарым саат) убакыт бөлүнүп берилет. Мектептин окуучулары биринчи кезекте ошол күндө адабият сабагынан кайсы теманы өтүп жатышкан болсо, биринчи кезекте ошол гана теманы окууга милдеттүү. Ошондон кийин гана каалаган адабий чыгарманы окуй алышат. Ушундай эле тартип орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине жана орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарына тийиштүү. А эгерде аларда факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайык адабият сабагы жок болуп чыкса, анда каалаган чыгармасын окуй алышат. Мындай сөзсүз түрдөгү программа билим берүү мыйзамдарында каралып биринчи класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин милдеттендирилет. Ушундай эле тартип орто окуу жайларынын студенттеринин биринчи курсунан баштап акыркы курска чейин жана аскер окуу жайларында курсанттар биринчи курстан баштап окууну бүткөнгө чейин орнотулат. Окутуунун мындай маданий программасынан мектептеги жана орто жана жогорку окуу жайларынын окутуунун жана кадрларды даярдоонун негизги программасы дегеле жабыр тартып калбайт. Анткени окутуунун мындай маданий программасынан келип чыккан моралдык пайда алда канча артык болот себеби мындай жол аркылуу биз билимдүү жана тартиптүү адамдардын коомуна ээ болуп жатабыз. 
Куралдуу күчтөрүндөгү окуу. 
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик уставы менен аскер кызматчыларынын күн тартибинин бир бөлүгү катары көркөм адабиятты күндө бир сааттан окуу тартиби киргизилет. Албетте, нарядда турган же боевое дежурствосунда турган аскер кызматчылары китеп окуу менен алаксышпайт. Армиядагы солдат минтип китеп окуу жолу менен ал инсандыгын өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот ал эми биз болсо окуган жана маданияттуу жарандарга байыйбыз. Анан акыры аскерде кызматын өтөп бүткөн жаш адам граждандык турмушка кайтканда өзүнүн жеке жана коомдук жашоосун дилгир, сабаттуу, коомго пайдалу тартиптүү адам катары баштай алат. 
Эмгек тармагындагы окуу. 
Эмгек мыйзамы аркылуу күндө өз ыктыяры менен эмгек тармагынын өзгөчөлүгүнө жараша нөлдүк, жарым сааттык, бир сааттык жана бир жарым сааттык диапазон убактысында көркөм адабиятты окуу. китеп окуу убактысы сегиз сааттык жумуш убактысына кирет. мындай учурда жумуш учурундагы эмгек акысы сактала берет. 
Нөлдүк диапазон деген, китеп окуу өндүрүштүн кызыкчылыгына, иш планына жана башка нерселерге терс таасирин тийгизе турган болсо, ошол тармактагы эмгек чөйрөсүндө китеп окууга жол берилбейт. Мындай ишканалардын категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Ошондой эле мындай тартипти аныктоо үчүн китеп окуу шарты – ишкананын экономикасына жана башка нерселерине зыянын тийгизер-тийгизбешин эске алуу менен бирге ишканалардын жетекчилери бул маселени өзүнчө жеке түрдө же коллегиалдык түрдө чечүү укугуна ээ болушу керек. 
Китеп окуунун жарым сааттык, бир сааттык же бир жарым сааттык диапазону деген, ишкана өзүнүн ишканасынын кызыкчылыгына байланыштуу жумушчулардын китеп окуусу үчүн жарым сааттык, же бир сааттык же бир жарым сааттык диапазонун тандап алат.

(Жарым сааттын ичинде  акындардын бир кыйла эле ырларын окуп алууга жетишсе болот). 
Бирок эмгек акысы кылган ишине жараша болгон ишканаларда жумушчу толук көлөмүндө акча иштеп табуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылбашы үчүн китеп окушун же жумушту үзбөй иштей беришин өзү чечет. Бирок бул маселе тигил же бул ишкананын экономикалык максатка ылйыктуулугу аркылуу чечилиши керек. Жана жумушчулар китеп окуп калышса, бул экономикалык пайда алууга кедергисин тийгизеби же жокпу – же административдик түрдө же коллегиалдык түрдө чечилет. Бул жерде эске ала турган нерсе, китеп окуу тартиби өлкөнүн бардык мекеме жана ишканаларына тарай бербеши керек. Мисалы дүкөндөр же ушул сыяктуу калк тейлеген ишканалар китеп окуу убактысына улам эшигин жаап коё бериши элге ылайыксыз болуп калат. Ошондой эле аскердеги жана укук коргоо органдарындагы кызматкерлер боевое дежурстводо турушкан болсо, китеп окуу менен алаксыбашы керек. 
Кино-театрларга, музейлерге жана башка жерлерге баруу. 
Кинотеатрларга жана музейлерге баруу тартиби ошондой эле билим берүү жана эмгек тармагына киргизилет. Куралдуу күчтөрүндө болсо бул суроону, аскердик тартиптин абалына карап командачылык жеке түрдө чечет. Анткени канткен менен аскер деген аскер. (Бирок аскердеги китеп окуу сөзсүз бойдон калышы керек). Ошондой эле кино жана театрларга катышуу тюрмөлөргө таркабайт. Эгерде акылдуу сөрөйлөр тордо отурган кылмышкердин адам укугу тууралуу кеп кылып калышса, анда анын укуктары кылмышкердин эркиндиктерин кеңейтип киного жана театрларга алып баруу деген жагына берилбей, адам укугу деген нерсе – кылмышкердин отурган жеринин нормалдуу шарттарына, тамактануусуна, медициналык тейленишине гана берилиши керек. Анткени тюрмөдө отурган кишинин юридикалык статусу өзүнөн өзү эле белгилүү нерсе: "кылмыш жасаганы үчүн эркинен ажыратылган". Андан сырткары, эгерде, кылмышкерлер киного жана театрга барып калышса, акыры кайгылуу окуялар менен бүтө турган качууларды уюштуруу ыктымалдуулугу талашсыз. Ал эми кино жана спектаклдерди тюрмөнүн аймагында көрсөтүшсө анда башка кеп. Бирок дагы да белгилеп кете турган нерсе, тюрмөдө отурган кишинин китеп окуу тартиби сөзсүз катары каралат. 
Эгерде мектеп окуучулары классы менен, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери тобу менен, орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттары взводу менен кино жана театрларга барып турушу бул – окутуунун жана маданияттуу жана билимдүү муунду тарбиялоо программасына ылайык сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылып турса, ал эми эмгек тармагында адамдардын кино-театрларга барышы сөзсүз бекитилген тартип эмес, тескерисинче, эмгек мыйзамы аркылуу иш учурунан пайдаланып жана ошол убактагы эмгек акысын сактоо менен аталган маданият субъекттерине кез кези менен катышууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк жана укук берүү катары гана каралат. Билим берүү тармагында кинотеатрларга тез тез барып туруу билим берүү проблемасына анчейин деле терс таасирин тийгизе бербейт. Ал эми эмгек тармагында бул нерсе иш процессин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Ушундай баамдоодон улам эмгек тармагында кинотеатрларга катышуунун төмөнкүдөй минималдуу нормасы сунушталат: жумушчу айына бир жолу иш убактысынын жана ишканасынын эсебинен же киного, же театрга же музейге катышууга укуктуу. 
Катышуу үчүн акы төлөө тартиби. 
Катышуу үчүн акы төлөө жөнөкөй жана кино же театрдын кассасына накталай төлөп берүү тартиби менен аныкталышы керек. Жумушчу киного, театрга же музейге барардан мурда ал киши маалымат базасы аркылуу кайда барары жана билеттин баасы тууралуу билип анан тийиштүү чечим кабыл алат. Андан соң бухгалтериядан тийиштүү суммадагы акчаны алат. Кийин квитанцияны алып келип бухгалтерияга отчёт катары тапшырат. Же болбосо жумушчу кино же театрда билетти өз чөнгөгүнөн сатып алып кийин бухгалтерияга тапшырып билеттин наркы боюнча компенсация алса болот. 
Кино жана театрларга баруунун экономикасынын маселеси. 
Мектеп окуучулары, студенттер жана курсанттар бекер барышат. Ал эми жумушчулар болсо, буга чейин айтылгандай уюмдун эсебинен акы төлөп барышат. А эгерде мамлекеттин өзүнүн жумушчулары үчүн кино жана театрларга катышуусуна акча төлөп берүүгө каражаты жетишпесе, анда жумушчулардын катышуусун өз чөнтөгүнөн кылып койсо болот. Бирок акы төлөөнүн суммасы сөзсүз принципиалдуу түрдө оор болуп сезилбегендей жана чөнтөгүн какпагандай болушу абдан зарыл. Мисалы, жапайы рынок шартында жашап жатканыбызга карабастан киного, театрга же спектальге же музейге катышуунун акысы дайыма коомдук транспортто жүрүүнүн төлөмүнө барабар болуп турушу керек. Статистиканын жардамы менен өлкөнүн бардык иштеген калкынын санын эсептеп чыгарып алардын бир айда же бир жылда катышуусунун санын көбөйтүп өлкөнүн маданиятына кандай өлчөмдөгү бюджеттин түшүп жатканын билсе болот. 
Мисалы, Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда эки миллион иштеген киши бар дейли. Биз буга дейре келишип алганыбыздай, төлөө өлчөмү коомдук транспорттун билетине барабар болуп жумушчунун кинотеатрга ар бир баруусу беш сомго барабар. Эки миллионду беш сомго көбөйтүп он миң миллион сомго ээ болобуз. Бул бир айда маданият тармагына түшө турган сумма. Анктени биз мыйзам менен аныктагандай ар бир жумушчу айына бир жолу гана жумуш убактысынан пайдаланып катышат.

Информация о работе Тарбиялоонун заманбап концепциясы, анын социалдык маданиятынын негиздери, илимий методикалык негизи жана практикада колдонулушу