Автор: Пользователь скрыл имя, 16 Февраля 2012 в 10:58, контрольная работа
Конспект – окулган же угулган тексттин кыска мазмунун негизги ойду кагазга түшүрүү. Текстти адегенде көңүл коюп окуп чыгып, анан план түзүп, ар бир бөлүмдөгү эң негизги ойду белгилеп алып, кагазга кыскача баяндоо керек. Сөздөрдү, сүйлөмдөрдү кыскартып жазууну, шарттуу белгилер менен талап кылынат. Тезис – текттин кыскартылган формасы, ар кандай тезис узартып сүйлөөгө ылайыкталган болуш керек. Тезиссте өзүңөр кошо турган фактылар менен ойлор айтылбайт, аны кийин конспектиге кошосуңар.
Кандайча конспектилөө керек?
Конспект – окулган же угулган тексттин кыска мазмунун негизги ойду кагазга түшүрүү. Текстти адегенде көңүл коюп окуп чыгып, анан план түзүп, ар бир бөлүмдөгү эң негизги ойду белгилеп алып, кагазга кыскача баяндоо керек. Сөздөрдү, сүйлөмдөрдү кыскартып жазууну, шарттуу белгилер менен талап кылынат. Тезис – текттин кыскартылган формасы, ар кандай тезис узартып сүйлөөгө ылайыкталган болуш керек. Тезиссте өзүңөр кошо турган фактылар менен ойлор айтылбайт, аны кийин конспектиге кошосуңар. Конспектини кыска жазса да болот, текстке жакын узун жазса да болот, эң негизгиси ошол конспект кийин өзүңө кеңири жана системалуу сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк ачсын. Демек конспектинин негизи – тезис.
Конспектинин жазылыш формаларын да үйрөнгүлө. Текстин планын түзсөңөр болот, аны кийин майда темаларга айлантып сүйлөп берүүгө да мүмкүн. Цитаталарды, айрым цифраларды дароо көзгө чагылсын үчүн башка түстөгү (кызыл, жашыл) сыя менен жазууга болот, өтө керектүү маанилүү жерлеринин астын сызып койгон, же ар бир ойду он абзацка бөлүп койгон, да ыңгайлуу.
Конспектинин баш жагына ошол конспектиленип жаткан текст кайсыл чыгармадан (эмгектен) экенин толук жазып чыккан маалыматтарын берүү керек. Конспектиңердин бир четине талаача (актай бош орун) калтыргыла,кокус жаңы ойлор, толуктоолор болсо ошол жерге жазасың.
Конспектилөөнүн
өзгөчө түрү – жогорку класстарда мугалимдин
дарсын (лекциясын), б.а. оозеки аңгемени
кагазга түшүрүү. Лекторлор ар түрдүү
болот, бирөө жай айтат, атайын жазып алсын
үчүн айрым учурларды бөлүп, кайталап
сүйлөйт, кээ бирөөлөр өтө тез, шашып окуйт.
Ошондуктан ар кандай окулган лекцияны
конспектилеп үйрөнүү керек. Мугалимдин
оозунан чыккандын баары эле кагазга
түшүрүүгө аракеттенбегиле, маанилүүлөрүн
бөлүп алганга үлгүргүлө, башкы ойдун
өнүгүшүн ээрчип отургула. өз конспектиңди
башкалардыкы менен салыштырып көрүп,
толуктап, ашыкча жазган жериңди байка.
Мектепте конспектилөөнү үйрөнүп алсаң,
окуу жайында кыйналбайсың, бирөөнүн кебин
жакшы угууга жана негизги нерселерди
туя билүүгө, сезимтал жана зирек болууга
көнүгөсүң. Конспектини жоготпо, ал сага
өмүр бою керек болуп турат.
Докладды кантип даярдоо керек?
Доклад адабият боюнча класстан тышкаркы иштерде – ийримдин ишинде, кечелерде, конференцияларда, жолугушууларда окулат. Доклад жазуудан мурда ошол жазыла турган материалга негиз болчу тема терең үйрөнүлүүгө тийиш. Мисалы, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повести боюнча доклад жазуу керек болсо, адегенде чыгарманы окуп чыгып, жазуучу ошол чыгарманы эмне үчүн, кантип жазгандыгын билүү максатында анын интервьюлары, маектери, макалалары менен таанышуу керек. («Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт» деген китептен жана газеттин кыркындыларынан). Анан «Ак кеме» жөнүндө жазылган сын макалаларды, окурмандардын пикирлерин таап таанышып, керектүү учурларын көчүрүп алуу керек. Алар докладда пайдаланылат. Бирок цитата кимдин кайсыл китебинен, кайсыл жеринен алынганы көрсөтүлүүгө тийиш. Докладында эмне жөнүндө айтарың, кайсыл багытка көбүрөөк көңүл бурарын алдын ала дайын болсун, болбосо максатсыз эле көлдүн ортосуна сүзп барып, анан кайра кетерин билбей калган кайыкчыга окшоп каласың мүмкүн. Повесттеги ыймандуулук маселесине кайрыласыңбы, жаратылышты коргоо маселеси кызыктырабы, мифологиялык легенда өзүнө тартабы, Бланын образы керекпи, иши кылып, белгилүү бир чыйыр, белгилүү багын боюнча аракеттенүү дурус. Докладда баврын камтыймын деп отуруп, баарын чөп башылап калгандан жаманы жок. Докладга план түзүп алган бир топ пайдалуу. Айта турган оюңар ырааттуу болсун, бир ой менен экинчиси бири-бирин улап кетсин, куду жипке тизилген мончоктордой болуп тизилип турганы абзел. Докладдагы пикирлер бири ойду карап, бири тоону карап турса доклад угумсуз болот. Дайыма эсиңерде болсун, доклад алдыңардагы кишилердин өздөрү окуп алышы үчүн эмес, силер окуп берип, алар угуп кабыл алуу үчүн ылайыкталууга тийиш. Ошондуктан анын стили оозеки баянга жакын, түшүнүктүү болгону жөн. Доклад окулуп жатканда түшүнүксүз сүйлөмдөрдүн, сөздөрдүн маанисин туюнуу үчүн угуучулар сөздүктөрдү, маалыматтама китептерди карап отурбайт да.
Докладдар бири бирин кайталабасын. Азыр көп эле докладдар маселен, анын же жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына арналган болсо, адегенде ошол кишинин качан, кайда туулганы, балалыгы кантип өткөнү, окуган жылдары, адабият майданына кошулган алгачкы чыгармасы жөнүндө гана айтылат, негизги китептери, чыгармалары, кызматтары, сыйлыктары саналып чыгат. Мындай шаблондуу, кургак маалыматтар угармандарды кызыктырбайт.
Доклад
даяр болгондон кийин силер аны
үйдөн кайра-кайра окуп, машыккыла, угармандардын
алдына чыкканда жазылган нерселерди
үңүлүп окуп отурбай, жай сөз менен баяндап
берген абзел. Айрым мисалдарды, цитаталарды
окуп, калганын жөн гана сүйлөөгө болот.
Докладдын соңунда кайсыл адабияттардан
пайдаланганыңарды көрсөткүлө. Доклад
бир жактуу болбош үчүн ар кандай басылыштагы
китептерди, схема-таблицаларды, сүрөттөрдү,
иллюстрацияларды, диафильмдерди ж.б.
көргөзмөлүү нерселердин пайдаланган
оң.
Реферат кандай жазылат?
Реферат – кандайдыр бир тема боюнча жазылган кыска илимий эмгек. Илимий стилди калыптоодо чоң мааниге ээ, тактыгы, маалыматтарынын арбындыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү менен айырмаланууга тийш. Реферата илимий маалымат гана берилбестен, референттин (реферат жазган автордун) жазып жаткан материалга карата мамилеси, баасы чагылдырылат. Ал монографиялык (бир чыгармага же жеке авторго арналган) же обзордук (бир топ чыгарманы жалпылаштырып камтыган) формада болот. Реферат референттин өз сөзүнөн турат, анда айрым зарыл деп эсептелген учурларга гана цитаталар колдонулат жана ал кайдан алынганы (китептин автору, аты, чыккан жылы, бети) көрсөтүлөт. Илимий иштин бул жөнөкөй түрүн ар кандай композициялык планда түзсө болот. Адатта реферат төмөнкүдөй тартипте түзүлөт:
- кириш бөлүмү – рефераттын темасы болгон чыгарманын, илимий эмгектин автору жөнүндө кыска маалымат, сөз болуп жаткан чыгарманын жазылыш тарыхы ж.б.
- рефераттын негизги бөлүгү – тема боюнча кыскача, бирок жеткиликтүү илимий маалымат берүү:
- баяндалган
маалыматтарга карата, анын мааниси
тууралуу жыйынтыктар,
Рефератта
адабий талдоо берүүгө, сын макалалардан,
мемуарлардан, тарыхый-биографиялык башка
булактардан пайдаланууга көбүрөөк аракеттенүү
керек, ошондой эле алгачкы илимий изилдөөнүн
усулу болууга тийиш.