Автор: Пользователь скрыл имя, 22 Ноября 2011 в 09:58, доклад
Кыргызстанда деңиз жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.
Кыргыстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.
Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.
Эгемендүү Кыргызстандын географиясы жана экономикасы
31 август 2011, 13:28
Баракелде - Кыргызстандын географиясы
Кыргызстанда деңиз жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.
Кыргыстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.
Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.
Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.
Башкы орографикалык элементтер - Акшыйрак массиви, Көкшал тоо кыркасы, Тескей Ала-Тоо кыркасы, Күнгөй-Ала Тоо кыркасы, Кыргыз кыркасы, Фергана кыркасы.
Кыргызстандын
түндүк-чыгышында деңиз
Күнгөй Ала-Тоо кыркасы менен Тескей Ала-Тоо кыркаларынын ортосунда Ысык-Көл жайгашкан. Соң-Көл жана Чатыр-Көл да чоң көлдөрдүн катарына кирет. Ысык-Көлдөн 50 чакырым чыгыш тарапта Мерцбахер тоолуу, муздуу көлү жайгашкан. Көлдүн үстүндө дайыма муздар калкып жүрөт, жай мезгилинде суунун көлөмү көбөйүп, бирок, суу бат эле буркан-шаркан түшүп жок болуп кеткендиги менен белгилүү.
Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Тянь-Шань тоолорунун аймагында жайгашкан. Анын негизги орографикалык элементтери - Талас өрөөнү, Талас Ала-Тоо кыркалары, Чаткал тоо кыркалары.
Кыргызстандын түштүк-батыш аймагына түндүк, Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш, жана түштүк тарабы кирет. Кыргызстандын түштүгүнө Түркистан тоо кыркаларынын түндүк тарабы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Алай тоо кыркасынын түндүк тарабы (Эгемендүүлүк чокусу) кирет.
Географиялык жактан Кыргызстан эки бөлүккө бөлүнөт. Түндүк жана түштүк. Түндүк менен түштүк бийик тоолуу Бишкек-Ош автомагистралы менен байланыштырылып турат. Түндүктөн түштүккө кеткен жол Төө-Ашуу (деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте) ашуусу, Суусамыр өрөөнү, Ала-Бел ашуусу (3200 м), Чычкан корук аймагы, Токтогул суу сактагычы, Көк-Бел (2700) жана Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.
Бишкек шаарындагы райондор: Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов.
Баткен областындагы райондор: Баткен, Кадамжай, Лейлек. Облус карамагындагы шаарлар: Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү.
Жалал-Абад областына караштуу райондор: Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал. Облус карамагындагы шаарлар: Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлы-Суу, Таш-Көмүр.
Ысык-Көл-областына караштуу райондор: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл. Облус карамагындагы шаарлар: Каракол, Балыкчы.
Нарын облусуна караштуу райондор: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын. Нарын облусунун карамгындагы шаар: Нарын.
Ош областына караштуу райондор: Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай.
Талас областына караштуу райондор: Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас.
Чүй облусуна караштуу райондор: Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй. Областтын карамагындагы шаарлар: Токмок.
Кыргызстан 7 административдик областка бөлүнөт — Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.
Саясий партиялар: «Ата Журт» партиясы — лидери Камчыбек Ташиев, «Кыргызстандагы Социал-Демократтар партиясы» - лидери Алмазбек Атамбаев, «Ар-Намыс» партиясы — лидери Феликс Кулов, «Республика» партиясы - лидери Өмүрбек Бабанов, «Ата Мекен» партиясы — лидери Өмүрбек Текебаев, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — лидери Адахан Мадумаров, «Ак Шумкар» партиясы — лидери Темир Сариев, «Мекен ынтымагы» партиясы — лидери Темирбек Асанов, «Кыргызстандагы коммунисттер партиясы» - лидери Бүмайрам Мамасейитова.
Кыргызстандын экомикасы:
Артыкчылыгы: автономиялык айыл-чарбасы. 2000-жылдан баштап жерлер жеке менчикке берилген. Алтынды экспорттоо жана сымап.
Гидроэнергетикалык потенциалы: Нарын каскады - кубаттуулугу 1200 МВт Токтогул ГЭСи, кубаттуулугу 800 МВт, Күрпсай ГЭСи, Ташкөмүр ГЭСи, Шамалды-Сай ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, курулуп жаткан Камбарата ГЭС - 1, Камбарата ГЭС — 2.
Урандын запасы
жана республиканын аймагында
Сурманын чоң запасы жана сейрек кездешүүчү жер металлдары бар. Туризмди өнүктүрүү үчүн жаратылыш объекттери (Ысык-Көл көлү, Туздуу көл, Жети-Өгүз капчыгайы).
Терс жактары: мамлекеттик көзөмөл. СССР мезгилинин акыркы жылдарындагы экономиканын төмөн түшүүсү.
2009-жылы жалпы
номиналдык Ички дүң продукция
4,58 млрд АКШ долларын түзгөн. Сатып
алуу мүмкүнчүлүгүнүн паритет
боюнча эсептелинген Ички дүң
продукциясы 11,66 АКШ долларын
түзөт. 48% жумушчулар айыл-чарба
Кыргызстандын сырткы карызы 2008-жылдын аягында 3,467 млрд АКШ долларын түзгөн. Негизинен СССР кулагандан кийин өнөр-жай ишканаларынын токтотулушунан жана квалификациялуу жана орус тилдүү инженерлердин жана жумушчулардын массалык түрдө кетүүсүнөн 1990-1996-жылдары Кыргызстандын экономикасы эки эсеге төмөндөгөн.
Өнөр жай Кыргызстандын Ички дүң продукциясынын 15,9% гана өндүрөт.
Республикадагы бир аз активдүү түрдө өнүгүп келе жаткан тармактардын бири болгон алтын өндүрүү өнөр жай өндүрүшүнүн 40%ын түзөт.
2003-жылы Кыргызстан 22,5 тонна алтын өндүрүп, КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Орусия жана Өзбекстандан кийинки үчүнчү орунду ээлеген. 2000-жылдардан баштап абал турукташып жана экономикалык өсүш башталган.
Кыргызстанда ар кандай себептер менен мамлекеттик ишканалардын 70%ы приватташтырылган. Чоң ишканалардын бир бөлүгү Акаевдин үй-бүлөсү аркылуу көзөмөлдөнүп турган.