Автор: Пользователь скрыл имя, 27 Марта 2012 в 09:23, доклад
Тоголок Молдо ( Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов) 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган - 1942 жазма акын. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун ж