Энчилүү аттардын жазылышы

Автор: Пользователь скрыл имя, 08 Апреля 2013 в 06:19, реферат

Описание работы

Заттын атын же заттык түшүнүктү билдирип, жөндөмө, сан, таандык, жак мүчөлөрү боюнча өзгөргөн, сүйлөмдүн ар кандай мүчөсүнүн милдетин аткарган, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берген сөздөр зат атооч деп аталат. Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп, экиге бөлүнөт.

Работа содержит 1 файл

ЗАТ АТООЧ.doc

— 68.34 Кб (Скачать)

ЗАТ АТООЧ

Заттын атын же заттык түшүнүктү билдирип, жөндөмө, сан, таандык, жак мүчөлөрү боюнча өзгөргөн, сүйлөмдүн ар кандай мүчөсүнүн милдетин аткарган, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берген сөздөр зат атооч деп аталат. Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп, экиге бөлүнөт. 

 

 ЭНЧИЛҮҮ ЖАНА ЖАЛПЫ АТТАР

Энчилүү ат жеке бир затка энчиленип коюлат. Аларга кишилердин, шаарлардын, тоолордун, океандардын, мекеменин, окуянын, айбандардын ж.б. аттары кирет. Алар дайыма баш тамга менен жазылат. М и с а л ы: Ысык-Көл, Тянь-Шань тоолору, Аккула, «Гүлсарат» романы, Бишкек шаары, «Кыргыз руху» газетасы, «Комсомолская правда» газетасы ж.б.

Жалпы ат бир түрдүү заттарга жалпы жонунан берилет. М и с а л ы: токой, тоо. таш, су у, мектеп, шаар, адам, мал, эл ж.б. 

                      Энчилүү аттардын жазылышы

Энчилүү   аттар   төмөндөгүчө   жазылат.

1.       Адамдардын аттары, атасынын аты, фамилиясы бир сөздөн же сөз айкашынан тургандыгына карабастан, ар бири баш тамга менен жазылат. М и с а л ы: Болот, Кубаныч, Курманбек, Аманбай Эсенович Саламатов, Айсулуу Туратовна Токтомушева.

2. Өз атынан тышкары коюлган аттар, жашыруун аттар (псевдонимдер) баш тамга менен башталып жазылат. Эгерде мындай энчилүү аттар эки сөздөн турса, арасынан эч белги коюлбастан бөлөк-бөлөк жазылат да, экөө тең баш тамга менен 
башталат. М и с а л ы: Тоголок Молдо (атактуу демократ акын Байымбет Абдракмановдун элге таралып кеткен аты), Балка (эл акыны Аалы Токомбаевдин адабияттык аты), Молдо Кылыч, Молдо Нияз.

3. Жаныбарларга коюлган энчилүү аттар бир сөздөн же сөзайкалышынан тургандыгына карабастан, баш тамга менен башталып жазылат. Кыргыздарда мындай аттар көбүнчө жылкыга жана иттерге карата колдонулат. М и с а л ы: Акжол, Аккула, Алгыра,Койкүрөң, Тайтору, Тоотору (жылкы аттары), Желмаян (төнүн аты), Бөрүбасар, Жолборс, Учар, Тайбас(иттин аттары).

4. Географиялык аттар (жер-суунун, тоолордун, калк орношкон пунктардын, көлдөрдүн ж.б. аттары) дайыма баш тамгалар менен жазылат. М и с а л ы: Алай, Арка, Алчалуу, Баткен, Боом, Гүлчө, Кабак, Орток, Өрүктү, Тамга, Сүлүктү, Талас, Чүй, Нарын, Кемин, Өрнөк.

5. Кыргызстандын территориясындагы эки же андан артык сөздөн куралган татаал географиялык аттардын бардыгы тең араларына дефис коюлуп, ар бири баш тамгалар менен башталып жазылат. М и с а л ы: Ак-Булуң, Ак-Буура, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Ийри-Суу, Кичи-Кызыл-Суу, Корумду-Төр, Чоң-Ак-Суу, Ысык-Көл, Жалал-Абад.

6. Кыргызстандын территориясынан тышкары географиялык аттар орус орфографиясынын негизинде жазылат. М и с а л ы: Урал, Уфа, Казань, Европа, Семипалатинск, Минск.

7. Кыргызстандын территориясынан тышкары төмөнкү географиялык аттардын кыргызча айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя, Кокон, Маргалаң, Алматы, Самаркан, Ташкен(т).

8. Зарылдыгына карай Кыргызстандын территориясынан тышкары бир катар географиялык аттардын орусчадан которулуп алынышына жол берилет. Мындай учурларда татаал энчилүү аттардын составындагы деңиз, арал, булуң, кысык, көл деген сыяктуу сөздөр кичине тамга менен бөлөк жазылат. М и с а л ы: Ак деңиз, Кара деңиз, Рига булуңу, Онега көлү, Куриль аралы, Инд океаны, Дарданелл кысыгы.

Астрономиялык аттар баш тамга менен жазылат: Марс, Чолпон, Күн, Жер, Ай ж.б.

9. Жер-суунун атынан алынган колхоз-совхоздун аттары тырмакчага алынып жазылат: М и с а л ы: «Шамшы» колхозу, «Алга» совхозу, «Жаңы-Жер» совхозу ж.б.

Эгер колхоз-совхоздун, мектептин ж.б. аттары адамдын атына коюлса, тырмакчыгы алынбай жазылат. М и с а л ы: Ленин атындагы колхоз, Фрунзе заводу, Манас кыштагы.

10.     Китептердин, газета-журналдардын ж.б. аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен, эгер эки сөзү тең энчилүү ат болсо, эки сөзү тең баш тамга менен жазылат: «Каныбек» романы, «Кыргыз туусу»газетасы, «Ала-Тоо» журналы, «Россия» кинотеатры ж.б.

11.     КМШдагы, чет элдик партиялык, өкмөттүк, профсоюздук жогорку мекемелер менен уюмдардын наамдарынын аттары баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кытай Эл Республикасы, Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кореянын Элдик-Демократиялык партиясы, Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы, Эркин Кыргызстан партиясы, Казак Республикасы, Өзбек Республикасы ж.б.

12. Энчиленип айтылган тарыхый окуялардын аттарынын биринчи, экинчи сөздөрү баш тамга менен жазылат: Улуу Октябрь социалисттик революциясы, Улуу Ата Мекендик согуш ж.б.

13.     Белгилүү даталардын, революциялык майрамдардын аттарынын биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: Аялдардын эл аралык майрамы, Жеңиш күнү, Жаңы жыл, Космонавтика күнү, Мугалимдер күнү, Билим майрамы.

14.Эгерде татаал энчилүү аттардын биринчи сөзү иреттик сан атоочтордон болуп, цифрра менен жазылса, экинчи сөзү баш тамга менен жазылат: 1-Май, 8-Март, 9-Май ж.б.

15.Министерстволордун, партиялык жана коомдук уюмдардын, ар түрдүү мекемелердин, окуу жайларынын биринчи сөзү жана анын составындагы кошо айтылган энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук илимдер академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогиялык университети, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети ж.б.

Зат атоочтордун жекелик жана көптүк саны

Зат атоочтор жекелик жана көптүк санда айтылат. Көптүк маанини -лар мүчөсү жасайт. М и с а л ы: алма — алмалар, өзөн - өзөндөр, китеп – китептер д.у.с.

Кээ бир сөздөр -лар мүчөсүнүн жардамысыз эле көптүк маанини билдирип турат. Чөп чабылды. Эгин орулду. Мал жайлоого чыгарылды ж.б.

ЗАТ АТООЧТОРДУН  ЖАКТАЛЫШЫ

Зат атоочтор жакталбайт, жак мүчөлөр менен да өзгөрбөйт. Жак мүчөлөр этишке гана таандык. Бирок адамзаттык зат атоочтор баяндоочтук милдет аткарганда гана жак мүчөлөрдү кабыл алат. Демек, зат атоочтун баяндоочтук милдет аткаргандагы жак мүчөлөр менен өзгөрүшү зат атоочтун жакталышы деп аталат: мен студентмин, сен студентсиң, биз студентпиз, силер студентсиңер ж.б.


Информация о работе Энчилүү аттардын жазылышы