Национальный банк Кыргызской республики

Автор: Пользователь скрыл имя, 03 Апреля 2013 в 12:53, курсовая работа

Описание работы

Информатика компьютердик техниканын өнүгүшү менен пайда болду жана ага негизделет. Акыркы миң жылдыкта адамзат үч маалыматтык революцияны башынан өткөрдү, алар коомдун жана цивилизациянын өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди. Жетишкендиктердин биринчиси XV кылымдын ортосунда Иоган Гутенберг тарабынан ойлоп табылган басып чыгаруучу станок. Анын жардамы менен берилиштерди ыңгайлуу жана ишенимдүү түрдө жыйноо жана таратуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи революция катары XIX кылымдын аягында пайда болгон телефон жана радио байланышы эсептелет, алардын жардамы менен коммуникация реалдуу убакытта ишке ашырылды. Үчүнчү жетишкендик XX кылымда эсептөөчү каражат катары пайда болгон компьютер менен байланыштуу.

Содержание

Введение 3
1. Понятие денежного обращения 4
2. Закон денежного обращения.Денежная масса….…..4
3. Наличное денежное обращение 8
3. 1 Понятие денежного обращения……………………8
3. 2 Понятие наличного денежного обращения……….8
4. Безналичное денежное обращение 9
4.1Понятие безналичного денежного обращения……..9
4. 2. Принципы безналичных расчётов………..……...10
Заключение 13
Список используемой литературы 14

Работа содержит 1 файл

Информатика.docx

— 21.41 Кб (Скачать)

         Информатика – адамдын турмуш тиричилик ар кыл сферасында информацияны издөөгө, чогултууга, сактоого,  өзгөртүүгө жана пайдаланууга байланыштуу суроолорду изилдөөчү илимий сабак (дисциплина).   

              Компьютер жана анын чөйрөсүнүн өнүгүү тарыхы

     Информатика  компьютердик техниканын өнүгүшү менен пайда болду жана ага негизделет. Акыркы миң жылдыкта адамзат үч маалыматтык революцияны башынан өткөрдү, алар коомдун жана цивилизациянын өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди. Жетишкендиктердин  биринчиси XV кылымдын ортосунда Иоган Гутенберг тарабынан ойлоп табылган басып чыгаруучу станок. Анын жардамы менен берилиштерди ыңгайлуу жана ишенимдүү түрдө жыйноо жана таратуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи революция катары XIX кылымдын аягында пайда болгон телефон жана радио байланышы эсептелет, алардын жардамы менен коммуникация реалдуу убакытта ишке ашырылды. Үчүнчү жетишкендик XX кылымда эсептөөчү каражат катары пайда болгон компьютер менен байланыштуу. Кийин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө байланыш-катнаш каражаттарын кошуп учурдун талабындагы маалыматтуу коомду түзүүнүн башкы куралына айланды.Механикалык эсептөөчү түзүлүштөрдүн тарыхы миңдеген жылга чейинки убакытты камтыйт. Биринчи эсептөөчү каражат болуп абак (чот) эсептелген, ал болжол менен биздин эрага чейин 2,5 миң жыл мурда пайда болгон. Акыркы миң жылдыкта механикалык түзүлүштөр сандык, андан кийин электрдик, акырында электрондук түзүлүштөргө өзгөртүлүүнүн негизинде учурдагы компьютерлердин пайда болушуна алып келди.X кылымдын башында Европада араб цифралары тарала баштап, кийин автоматтык эсептөөнүн негизин түздү. Логарифмди биринчи киргизген барон Джон Нейлердин иштерине негизделип, Англияда биринчи эсептөөчү түзүлүш — логарифмдик сызгыч пайда болду. 1642-жылы атасынын күндө аткарган эсептөө жумушун жеңилдетүү максатында көрүнүктүү математик Блез Паскаль биринчи эсептегич машинаны жасаган. XIX кылымдын башында гана программалануучу машина пайда болду. Перфокарта менен башкарылган биринчи программалануучу машина 1804-жылы Джозеф Джаккард тарабынан иштелип чыккан токуучу станок болгон. Ал кездемелердин үлгү сүрөттөрүн сырткы сактоочу түзүлүштө сактаган. Мындан кийин 1830-жылы Чарльз Беббидж тарабынан биринчи программалануучу эсептөөчү машина иштелип, бирок ошол учурда ишке киргизилбей, 140 жыл өткөндөн кийин Беббидждин чиймелери пайдаланылып иштелип чыккан. Бул машинага алгачкы программаны 1842-жылы лорд Байрондун кызы Ада Лавлейс иштеп чыккан. Биринчи программалоочу аялдын атын түбөлүккө калтыруу максатында программалоо тилинин бири АДА деп аталган.XIX кылымдын аягында, б.а 1896-жылы Герман Холлерит тарабынан негизделген Tabulating Machine Company компаниясы кийин IBM деп аталып эсептөөчү техниканы өркүндөтүүнүн дүйнөлүк борбору болуп калды. Компьютердик техниканын өнүгүшүнүн этаптарын аныктаган маанилүү ачылыштар төмөндөгү жадыбалда келтирилген.Биринчи аналог компьютери 1927-жылы Массачусет технологиялык институтунда иштелип чыккан.  Ошондон баштап компьютер муундары электрондук базалары өзгөртүлгөн ачылыштар менен кошо өнүгүп келди.

1. Биринчи муундагы (элементтик  базасы электрондук лампа) компьютерлердин  пайда болушу жана өркүндөшү  кыркынчы-элүүнчү жылдарга туура  келет, бул машиналарга программалар машинанын коду менен жазылчу. Мындай компьютерлердин көлөмү өтө чоң болгон жана бир нече миң электрондук лампалардан турган.

2. Элүүнчү жылдардын аягы-алтымышынчы  жылдардын ортосунда экинчи муундагы  компьютерлер жарым өткөргүч  элементтерине негиз-делип ишке  киргизиле баштаган. Программалар алгоритм тилдерин пайдалануу менен иштелип чыккан, компьютердин көлөмү кичирей-тилип мини-компьютер деп аталган компьютерлер пайда болгон.

3. Алтымышынчы жылдардын  ортосу–жетимишинчи жылдардын ор-тосундагы  мезгилде интегралдык схемаларга  негизделген үчүнчү муун-дагы  компьютерлер иштелип чыккан. Компьютердин  көлөмү андан ары кичирейтилип, алыста жайгашкан терминалдарга жетүү аткарылган. Ушул учур микропроцессордун пайда болушуна туура келет.

4. Жетимишинчи жылдардын  ортосунан-сексенинчи жылдардын  ортосуна чейинки мөөнөттө микропроцессорго негизделген төртүнчү муундагы компьютерлер пайда болду. Жеке компьютерлердин кеңири таркалуу мезгили болду жана ошону менен катар көп процессордуу кубаттуу эсептөөчү системалар өркүндөтүлдү.

5.       Сексенинчи  жылдардын ортосунан баштап бешинчи  муундагы компьютерлердин эпохасы  башталды. Элементтик базасы өтө  чоң интегралдык схемаларга (VLSI —very large scale integration) негизделген компьютерлердин  тармактарынын кеңири жайылышы  менен компьютердин колдонулушу  көбөйүүдө.Компьютердин өнүгүшү менен анын чөйрөсү жана программалык жабдыгы дагы өнүгүү жолунда келатат. Компьютерлердин аспаптык бөлүктөрү (Hardware)

 Өзүнүн эсинде сакталган буйруктардын башкаруусу менен иштеп, маалыматтарды (infоrmation) кабыл алып (киргизип), берилиштер (data)  үстүнөн арифметик жана логик амалдарын аткаруу менен жыйынтык алып (чыгарган) жана алынган жыйынтыктарды кийин колдонуу үчүн сактап койгон электрондук түзүлүш компьютер (computer)  деп аталат. Компьютерлердин көпчүлүгү бир бири менен туташтырууга, берилиштерди башка компьютерлерге жиберүүгө жана алардан алууга, ошондой эле Интернет менен байланышууга жөндөмдүү.Компьютерге берилиштерди киргизүү, аларды иштетүү, алынган маалыматтарды чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) менен аткарылат, булар компьютер жабдуулары (hardware) деп аталат. Эгерде, компьютер курамына көз жүгүртүп көрсөк, анда ал төмөнкү бөлүктөрдөн тургандыгын байкайбыз: дисплей (монитор), системдик биримдик, клавиатура, «чычкан» (англ.  mouse - чычкан). Калгандары: принтер, сканер, дижитайзер, плоттер, модем, динамиктер ж.б. перифердик (компьютердин айланасындагы деген мааниде) түзүлүштөргө киришет. Системдик биримдик эки түрдө – мунара сыяктуу, вертикалдык жана горизонталдык абалда болгон темир кутуларга жайгаштырылып чыгарылат. Анда ток булагынын (өзгөрүлмө токту турактуу токко – 5 жана 12 В айландыруучу) түзүлүшү, системдик плата, катуу диск (винчестер), ийилчээк дискеттерди башкаруучу түзүлүш, CD-ROM (Compact Disk-Read Only Memory – компакт диск – окууга гана мүмкүн болгон эс) орнотулат. Оперативдүү эс (RAM - Random Access Memory - эркин иштөө мүмкүнчүлүгү бар эс деген мааниде) - эсептөөлөр убагында б.а. компьютер иштеп турган учурда маалыматтарды убактылуу сактап (жыйнап) туруучу эс. Эгерде, оперативдүү эстеги маалыматтар винчестерге (катуу дискага) же ийилчээк дискаларга сакталбаса (көчүрүлбөсө), анда компьютер өчкөндөн кийин ал маалыматтар да өчүрүлөт, аларды кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат. Бул эс мейкиндигинде маалыматтарды кайра иштетүү өтө тез ыл-дамдыкта жүргөндүктөн, анын көлөмү канчалык чоң болсо, ошончолук көп маалыматтарды катуу дискага кайрылбастан иштеп чыгарууга мүмкүн б.а. компьютердин өндүрүмдүүлүгү да жогору болот.Баштапкы чыгарылган компьютерлердин оперативдүү эс көлөмү 256 Кбайтты түзсө, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 1024 Мбайтка жетип, 128Мбайттан кем болгон компьютерлер учурдун талаптарына жооп бербей калды.Чындыгында оперативдүү эстин аз гана бөлүгү эсептөөлөр үчүн бөлүнүп, калганы маалыматтарды убактылуу сактоо үчүн сарпталат.Азыр микропроцессорлордо өтө тез ылдамдык менен иштөөчү оперативдүү эси бар микросхемалар орнотулууда. Эстин бул түрү ички кэш (cash) деп аталат. Ал эми сырткы кэш өзүнчө микросхемада болуп, микропроцессордон ажыратылган абалда жайгаштырылат. Алардын эс көлөмү 512 Кбайттан жогорулап келе жатат. Винчестер - бул Америкада мурда өтө популярдуу болгон мылтыктын түрү (автомат сыяктуу), ал эми компьютердеги түзүлүш жөнөкөй (ийилчээк) дискеттерге салыштырганда, андагы дискалардын саны эси жагынан көп, ишенимдүүлүгү жана маалымат алмашуу жөндөмү жогору болгондуктан батышта «винчестер» деген ат менен белгилүү. Англис тилинде бул түзүлүш HDD (Hard Disk Drive - катуу дискти башкаруучу, айландыруучу деген мааниде) деп айтылат.Анын ичин элестетип көрсөк, анда ал бир нече дискалар цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруучу моторго туташтырылган жана ар бир диск окуу-жазуу куралы менен камсыз кылынган түзүлүш. Мындай дискаларда компьютердеги дээрлик бардык программалык жабдуулар, аудио-видеофрагменттер, эсептөөлөр жыйынтыктары ж.б. маалыматтар узак убакытка сакталат. Катуу дисктердин эс көлөмү бүгүнкү күндө 160 Гбайтка жетип калды. Монитор (дисплей) негизинен компьютердин системдик биримдиги менен бирге сатылып, бүгүнкү күндө үч түрдүү стандартта чыгарылат: VGA (Video Graphic Array), SVGA (Super VGA), LCD (Liquid Crystallic Display).  Алар компьютердеги (системдик биримдиктеги)  видеоадаптерлердин (adapter –  көндүрүүчү, жөнгө салуучу)  жөндөмдүүлүктөрүнө жараша 4 түс (640х480 чекит), 16 түс (1024x768  чекит) жана 32 млн. түс берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. LCD (суюк кристаллдык дисплей) Note Book (чөнтөк дептерчеси) деп аталуучу чакан компьютерлерде колдонулат.FDD (Floppy Disk Drive) - ийилчээк диск башкаруучу түзүлүш.CD-ROM же компакт диск окуучу (башкаруучу) түзүлүш. Бул түзүлүш азыркы мезгилде чыгарылуучу компьютерлердин бирден-бир ажырагыс бөлүгү катарында болуп калды. Компакт диск өзүнө (азырынча) 640 Мбайт маалыматты сактайт. Анда компьютерге орнотулуучу программалар жазылып, 1,5 сааттык аудио- жана видеофильмдер ойнотулушу мүмкүн.Порттор параллель жана удаалаш болуп бөлүнүшөт жана алардын санына жараша түрдүү перифериялык түзүлүштөр: модем, «чычкан», сканер, принтер ж.б. туташтырылат. Параллелдик порттор аркылуу маалымат алмашуу удаалаш портторго караганда бир кыйла тез жүргөндүктөн, алар аркылуу принтерлер байланыштырылат. Клавиатура – бул бүгүнкү күндө информацияны ЭЭМге кийирүүнүн эң негизги каражаты болуп эсептелет. Буюм катарында карап көрсөк клавиатура – металлдан же пластмассадан жасалган жалпак кутуча – бетинде 103-110 го чейин жеткен бармакчалар (клавишалар) жайгашкан түзүлүш. Клавишаларды басуу аркылуу борбордук процессорго белгилүү сигналдарды жиберебиз.Жогоруда келтирилген түзүлүштөр иштеши үчүн ПЭЭМдин негизги бирикмесинде атайын адаптердин жана системада атайын программанын – драйвердин болуусу зарыл. Адатынча андай программалар ал түзүлүштөр менен бирге сатылып, орнотуу (Setup) утилиталары менен жабдылган болот.ЭЭМ ишинин натыйжасын кагазга түшүрүү үчүн эң негизги каражат катарында принтерлер эсептелинет. Принтер программа тарабынан башкарылып, компьютер менен драйверлер аркылуу байланыш түзөт. Аларды аракет принцибине жараша төмөнкү топторго бөлүүгө болот:


Информация о работе Национальный банк Кыргызской республики