Сайтта жаңы маанай жаратуу жөнүндө кеңеш

Автор: Пользователь скрыл имя, 22 Ноября 2012 в 09:25, реферат

Описание работы

Эскертүү: Бул үжөт сайтыбыздын купуялыгы, уруксатсыз сайтка чыгарууга, бирөөлөргө жөнөтүүгө болбойт, тапшырып алгандар толуктап пикирин жазып мага жөнөтүп берсе болот.

Работа содержит 1 файл

Сайтта жаңы маанай жаратуу жөнүндө кеңеш.docx

— 21.48 Кб (Скачать)

Сайтта жаңы маанай жаратуу  жөнүндө кеңеш

     

Эскертүү: Бул үжөт сайтыбыздын купуялыгы, уруксатсыз сайтка чыгарууга, бирөөлөргө жөнөтүүгө  болбойт, тапшырып алгандар толуктап пикирин  жазып мага  жөнөтүп берсе болот.

     

Урматтуу достор, бул сайт 2003-жылы октябрьде http://jumali.51.net  деген ат менен интернет желесине кошулган. Атына ылайык эки жылча Жумалы Орозо уулунун менчик сайты болуп, кирилче жазууда жасалып, чагынча Үрүмчүдөкү кыргыз зиялыларынын өмүрбаяны сүрөтү менен тааныштырылып, өзүмдүн чыгармаларым гана коюлган, мүчөлүк каттоо жок,  мен эмнени чыгарсам ошону гана коноктор көрүп турган үйрөнчүк сайт болгон. 2005-жыл 8-айдын 23-күнү АК ТИЛЕК деген ат менен Кыргыз элине орток сайт катары чыгарылды, мурдагысы сайт курулду деп эсептелбей, ушул күндөн баштап сайт курулган эсептелди. Бул атты коюуга Макелек Өмүрбай, Мен, Кашкарбай Турдалы уулу, Жоро Маметасан уулу 4 киши катышып, тил журналынын фондунан миң юан чыгарылып эки жыл камсыз кылынган, Кашкарбай, Жоро экөө бир жылдык каржысын көтөргөн. Ал кезде 500 юандык 500 мигалык сайт уясы менен жүргүзүп турганбыз. 100 юан 200 юан көмөк көрсөткөндөрдүн атын санап олтурсак 10 канча киши. 2009-жыл жаңы жылдан баштап КЫРГЫЗЫМ деген жаңы ат менен бардык чыгымын өзүм көтөрүп, сайт уясын 1000 мигага көтөрүп, жылына миң юан төлөп сайтты жүргүзүп келе жатам. Кызматым шашылыш, Аялым ишсиз, эки баланы окутам. Анын үстүнө ооруну жашырсаң өлүм ашкере дегендей көзүм начарлап кетти. Томуктай сөздүн ток этер түйүнү, 9 жыл сайт ачканыма өзүм ыразымын, эчкимге кадыр-колко кылбайм. Бул сайт жакшы түптөлгөн, ушундай жабылып калуусун каалабайм. Кыргыздын ишмер азаматтарына канчоо чыкса ошончосун башын кошуп өткөрүп берейин деген бекимге келдим. Абалы сайттагы жетекчилерге кеңеш салып олтурам, достордун ырайы канчалык билип көрүп ошого карай иш көрөлү, кеңешип кескен кол оорубайт.  Уландуу ачабыз десек мындай кеңеш беремин: 

 

  1. Доменди камсыз кылуу керек. Азыр бизде http://www.aktilek.net  жана http://www.kyrgyzym.com деген эки домен бар, жылына 80 юандан 160 юан кетет. Муну өткөзүп берүү расмияты өтө татаал, менин граждандык күбөөлүгүмө катталган, улап-үзүү машкулаты да татаал, ошого бул менин атымда тура берсе мунун чыгымын мүчөлөр катары өзүм төлөп турсам. 
  2. Сайт уясы (бош орун, коң жиен деп да аталат) Азыр Бейжинден алынган 1000 мига байт (1 Гигабайт) боштук урунуп жатабыз тошууга 200 мига бар. Жылына 1000 юан кетет. Ушуну сайт Фондун куруп, мүчөлөр жылына 200 юан мүчөлүк бедел төлөп туруктуу мүчө болотурган кылсак, мунун пайдасы: биринчи менин жүгүм жеңилдеп сайт чыныгы элдик сайтка айлануусуна өбөлгө түзөт, Акча соммасы көбөйгөн сайын мурдагыдай кылдыратып эптеп сайт ачуудан кеңири, ылдам жүрүүчү сайт уясын кысылбай сатып алып сайтты мындан нече эсе күчтүү сайт кылып өнүктүргөлү болот. Бул үчүн акча кармаачу адамды мүлдөө ишенчиликтүү адамдан коюуубуз керек, мен акча кармабайм, жонунан көмөк берем, мурдагыдай иштерге киришпейм, сөз анык болсун.
  3. Сайттын системасын башкаруу иши. Бул өтө чеберликти, жоопкерчиликти талап кылатурган чыныгы техника билбесе сайтты бузуп салатурган, Карап турбаса, сандуу кампаны күндө болбосо да эки күндө килондоп нускалап турбаса болбойтурган оор техникалык талабы күчтүү кызмат, буга ең жакшысы бир эле адам турганы, башкалар аброй талашып киришпестиги керек. Бул киши биринчи сайт уясын кармайт, сандуу кампанын мүлдөө катасыз жүрүшүнө кепилдик кылат, Сайт сизтемасынын жең ичинен башкаруу бетине кирет, Мүчөлөрдү тастыктайт, санданды нускалап олтурат.
  4. Сайт бетиндеги башкаруучулук. Муну дагы азырга чейин бул сайтта мен, буудайык,  Даркан үчөөбүз гана иштеп келдик, буга сайтты адаттагыдай колдонууга чебер, Эмилага жетик, убактым жок деп шылтоо көрсөтпөгөн, келген чыгарма жорумдарды токтобой түзөп турган, маселе көрүлсө эринбей чечип, купуя кат жазып  мүчөлөрдү сайт мыйзамы боюнча башкарууга чыдаган, жоопкерчиликтүү, кем дегенде  5 адам керек. Башкаруучуларга мүчөлөрдү өчүрүү, жрумдарды өчүрүү-түзөө жарыя чыгаруудай укуктар толук берилет, өзү дагы сайт эрежесинин  башкаруусуна көнүү керек.
  5. Сайттын азыркы абалы. Азыр бизде жогоруда айтылган эки домен, миң  мигалык сайт уясынан сырт, Кирилче башкы сайт http://kyrgyzym.com , Кыргыз  көөнө жазуусундагы сайт  http://kyrgyzym.com/ar/ ,  Кирилче Фото сүрөт сайты   http://kyrgyzym.com/photo/  ,  Көөнө жазууча Фото сүрөт сайты http://kyrgyzym.com/album/  жана  Кытайча сайт  http://aktilek.net/ , Медиа ыр күү кинолор сайты http://aktilek.net/media/   болуп 6  өз алдынча сайт бар, буларга айрым катталып кирүүгө болот жана айрым башкарылат, бирок чогуу бир сайт уясында. Көңүл буруучулар аз, башкарууга жетишип кеталбастык айынан жакшы сайт үлгүлөрү коюлган болсо да чагынча басып турууда. 
  6. мүчөлөрдөн  бикир алуу кештеси

Суроолор боюнча ооба же жок дегенге тууралап бул√ белгини көчүрүп чаптап коюңуз коюңуз. Бул сиздин убадаңызга өкүлдүк кылат, сайттын тагдырына барып саят, чыныгы болуңуз.

 

Түрлөр

ооба

жок

себеби

Бул сайт жагабы

   

Сайт башкаруучулар жагабы

   

Сайт Мазмундары жагабы

   

Кенешип, кошумчаласак

Мүчөлүк бедел төлөөгө  макулсузбу

   

Башкаруучу болууга макулсузбу

 

 

Сайтты жаап салабызбы

 

 

Башкарууну үйрөнүүгө  макулсузбу

   

Сайтта сызыл жүрө аласызбы

   


 

Эскертме: Эгер система башкарууга адам чыкпаса Жумалы орозо уулу башкарып берет, Сайт мазмунун жана мүчөлөрдү  башкаруучу ишенчиликтүү 5 адамга толбосо  сайтта мүчөлүк каттоо токтотулуп, жазма жазылбас каткан сайтка өзгөртүлөт, Туруктуу мүчөлүк бедел төлөөнү  каалагандар 10 адамга жетсе сайт ошолордун  кеңеши жана башкаруусу боюнча кайтадан ачып жүргүзүлөт, мөөнөтү жаңы жылга  чейин, сиздин кыргызчылык сезимиңиз  жана элдин ырайы бул сайттын  тагдырын белгилеши мүмкүн.

7. Кийинки кызматтар жөнүндө  кеңеш:

 Бул кемелденген сайт, Домен менен сайт уясы акы  төлөп койсок жүрө берет. Элди  үркүтүп чочутпастык жана сайттын  каскактарынын пайдаланып кетүүсүнөн  сактануу үчүн, Мурдагы эмгегибизди  сактап калсак, сайттын азыркы  үлгүлөрү Дисказдан башкасы баары  жаңы, Дисказ 7.0  көөнөрөөк нуска  болсо да котормосу кемелденген  толук кыргызчага которулган, азыргачейин  эчкандай кыргызча сайттар ушундай  толук кыргызчага которуп колдоно  элек, Манас жана Айкөл сайттарына бир нускадан берилген, Ушуну эле биртке түзөп урунсак деген тилегим бар. Жок менин деңгеелим күчүм жетет башка жаңы сайт үлгүсүн колдонобуз, жазмаларды толук көчүрүп барабыз деечүлөр болсо колдойм, которгон нускасын коюп мүчөлөрдү жазмаларды көчүрүп кирип урунсаңар болот, сайт система жана мазмунун башкарууга мындан ары аралашпайм, жонунан системасын кароого көмөк берем.  Демек, элдик сайтка айландырып орток башкарабыз, Кадам баскыч боюнча иштеп бүтүрөбүз.  Акыны орток төлөйбүз, түйшүгүн тең тартабыз, катаа болсо да кеңеш менен басабыз, Жаңы жылгачейин же жаңыча маанай менен чыгарабыз же каткан сайтка өзгөртүп тынабыз, менден күч каруу кетти, 9 жыл акысыз иштедим, элделе таарынбагычалык болду. кыргыздын азаматтары күч улап куткарып калыңыздар.

 

Эскертүү: Бул үжөт сайтыбыздын купуялыгы, уруксатсыз сайтка чыгарууга, бирөөлөргө жөнөтүүгө  болбойт, тапшырып алгандар толуктап пикирин  жазып мага  жөнөтүп берсе болот.


Информация о работе Сайтта жаңы маанай жаратуу жөнүндө кеңеш